Париж бийлиги “Жалындуу жүрөктөр клубу” укук коргоо уюмунун жетекчиси Мутабар Тажибаевага пикет өткөрүүгө уруксат берди.
Маалыматтарга караганда, бүгүн, 9-октябрда өзбек укук коргоочулары Париждеги Сен-Огюстен аянтында пикет өткөрүшөт. Бүгүн Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Франция президенти Эммануэль Макрон менен жолугушат.
Укук коргоочу Мутабар Тажибаева иш-чаранын максаты – президент Шавкат Мирзиёев менен диалогду калыбына келтирүү, Өзбекстандагы адам укуктары тармагындагы көйгөйлөргө көңүлүн буруу экенин айтты.
Мутабар Тажибаева жана анын кесиптештери Мирзиёевди куугунтукталган саясий диссиденттердин жана журналисттердин Өзбекстанга кайтышына уруксат берүүгө үндөшүүдө. Алар Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун 2014-жылдагы жарандыктан чыгаруу жарлыгын жокко чыгарууну, 1990-2000-жылдардагы кишилердин дайынсыз жоголушун иликтөөнү, күнөөсүз өлүм жазасына тартылган адамдарды актоону жана куугунтуктоолорду токтотууну талап кылышууда.
Мутабар Тажибаева менен бирге пикетке жарандык активист Башорат Эшова да чыгат. Анын уулу өлүм жазасына өкүм кылынган. Эшова 15 жылдан бери уулунун тирүү же өлүү экенин билбейт.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ