Menu

Президенттин айкөлдүгүнө Бабанов кандай жооп кайтарат?

Бөлүшүү:

Көз ачып жумганча Сооронбай Жээнбековдун президент болуп шайланганына да бир жыл толуп калыптыр. Өткөн жылкы президенттик шайлоо чыныгы атаандаштык негизде, демократиянын принциптерин кармануу менен өткөндүгүн баса белгилеп коюшубуз керек. Өлкө башчысын тандоо таза, акыйкат жол менен өткөнүн БУУ, ОБСЕ, КМШ жана башка уюмдардан келген байкоочулар да баса белгилешкен.

Эң негизгиси, Кыргызстан эле эмес КМШнын тарыхында биринчи жолу оппозициядан аттанган талапкер шайлоочулардын 35 пайызын же 650-700 миң добушка ээ болгонун айтсак болот. Өмүрбек Бабанов добуш берүүнүн эртеси албууттанып турган тарапкерлерин тынчтыкка чакырып, өлкө стабилдүүлүгү, эл ынтымагы үчүн шайлоонун жыйынтыгын таанып, саясый маданияттын бийик үлгүсүн көрсөткөн жайы бар. Болбосо, таластык туугандары борборго келсе, аларга мындагылар кошууп, аягы эмне менен бүтөт эле – бир Кудайдын өзү билет. Баарылнан кызыгы, президенттик марафондон кийин ден соолугун чыңдоо үчүн өлкөдөн чыккан Өмүрбек мырзага эски бийликтин жасоолдору катары менен эки кылмыш ишин козгоп ийгени болду. Анда да мырзалыгынан жазбаган Өмүрбек Бабанов депутатгык мандатын тапшырып, саясаттан кеткендиги тууралуу билдирүү таратты. Албетте, анын мындай кадамы эл арасындагы калың колдоочуларынын ичин оорутту. Бирок элдин, өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн өз саясый амбициясынан баш тартуу ар кимдин эле колунан келе бербейт. Жеке керт башынын камы үчүн караламан калкты кагыштырып, канга бөлөп ийгендерди да көргөнбүз. Ошондон бери кыргыздын чыгаан уулу, мурунку өкмөт башчы, «Республика», «Республика – Ата Журт» партияларынын лидери катары парламентке жетектеп келген чоң саясатчы, ири ишкер Өмүрбек Бабанов өз мекенинен четте жүрөт. Жакында эле ага карата козголгон кылмыш иштеринин бири токтотулгандыгы тууралуу маалымат кыргыз журтуна желдей тарап, аны элибиз зор кубануу менен кабыл алды. Албетте, мындай кадам учурдагы президентибиз Сооронбай Жээнбековдун ишараты менен жасалгандыгын түшүнүп турабыз. Эми экинчи кылмыш иши да кыскартылып, Өмүрбек мырза өз мекенине  кайтып келсе, анда президенттин эл арасындагы аброю мындан да артып, бийиктей турганында шек жок. Абалтан эле падышалар айкөлдүгү, кечиримдүүлүгү менен айырмаланып келишкен эмеспи. Анүстүнө, ал козголгон иштер эси кеткен эски бийликтин эч негизсиз эле чалган боткосу эмеспи. Анан калса, эл аралык коомчулук да шайлоодогу атаандашын куугунтукка алган өлкө башчыларын жактыра бербеси анык. Ал эми саясый жагынан алганда, Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга келиши Сооронбай Жээнбековдун бийлигин дагы кыйла бекемдейт (!) деп айтсак жаңылышпайбыз. Анткени, кылмыш ишин козгоп, Кыргызстанга киргизбей койгон эски бийликтен ыза көргөн Өмүрбек мырза Сооронбай Жээнбековго ишенимдүү таяныч болуп береринде эч шек жок. «Жакшылыкка жакшылык – эр кишинин кылары» деген кеменгер кеп бар эмеспи элибизде.

Жекин Алыбеков

Булак: «Азия ньюс»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: