Menu

Махабат Мавлянова, депутат: Менде дагы саясый оппоненттер пайда болду

Бөлүшүү:

– Махабат Эргешовна, Жогорку Кеңештин ар кыл маселелер түрмөгүндө сүйлөгөн сөзүңүз коомчулукта кызуу талкууну жаратып, сиздин дарегиңизге сын айткандар көбөйдү. Мен залда сиздин өзүңүздү угуп отургам, анда «чек араны таптакыр ачып салалы» деген деле сунуш жок болчу…

– Бул маселе бүгүн эле чыккан жери жок. Биз бир жарым-эки жылдан бери туристтик ассоциациялар, эксперттер менен иштеп, «туристтерди кантип тартып, Кыргызстандын экономикасын кантип өнүктүрсө болот?» деген багытта иштеп келгенбиз. Өзүңүздөр билесиздер, ар кыл маселелер түрмөгүндө үч эле мүнөт убакыт берилет, өзүңдүн оюңду толук түшүндүрүп үлгүрө албайсың. Анүстүнө шейшемби күнү өткөн фискалдык саясат комитетинин отурумунда «Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда туризм тармагын өнүктүрүү боюнча өкмөт карап чыксын» деп сунуш катары кирген. Бул жерде сөз саякатты гана көздөгөн бай туристтер жөнүндө болуп жатат. Эгерде биз аларды өлкөбүзгө тартып, жакшы шарттарды түзсөк, келиши мүмкүн. Визасыз режимди киргизип койсо эле алар келгенге даяр турган жери жок. Башка өлкөлөр кытай туристтерин тартуу боюнча катуу иштерди жүргүзүшөт. Мамлекетгик деңгээлде ар кандай маркетинг жолдорун издеп, аларды тартуу үчүн чоң-чоң программаларды иштеп, олуттуу деңгээлде иш алпарышат. Бул жерде аябай катуу механизмди иштеп чыгып, бүт жоопкерчилик эки мамлекеттик органга жүктөлөт. Мамлекеттик органдардын ортосунда келишим түзүлөт дагы, кайсы компания иштешин белгилеп, лицензиялап, андан кийин турисггерге жакшы шарттарды түзүү, мамлекетке зыян келтирбөө боюнча жоопкерчиликтер так көрсөтүлөт.

Туристтик компаниялар ар бир туристтин эсен-аман кайтып кетишине жана Ш өлкөдө калбай чыгып кетишине жоопкерчилик тартышат. Эгер кандайдыр бир мыйзам бузуу болсо, алардан лицензиясын алып салуу жактары каралат. Дүйнө жүзүн кыдырган кытай туристи азыркы күндө 5 миң долларга чейин акчасын коротот. Сувенир, кийим-кечек сатып алат, тейлөө тармактарына төлөйт. Андыктан, «эшикти ачып, жалпы киргизип жиберели» деген сөз жок. Маалымат алган, мамлекетти өнүктүрүүгө салым кошом деген жарандар, эксперттер менин сунушумду туура эле кабыл алышты. Жакында өкмөт башчы Мухамметкалый Дүйшекеевич да туризм боюнча жыйын өткөрүп, «биз кайсы мамлекеттер менен туризмди өнүктүрүшүбүз керек?» дегенде Кытай мамлекетин белгилеп кетти.

– Демек, сиз бул жерде кимдир бирөөнүн кызыкчылыгына лобби жасаган жоксуз да?

– Өзүңүздөр билесиздер, миллиондон ашык жарандарыбыз 20-30 миң сом айлык алабыз деп сыртта жүрүшөт. Өзүбүздө ушунча потенциалыбыз турса, ошону иштете албай, элибизди жумуш орундары менен камсыз кыла албай, көп жарандарыбыз мигрант болуп кетишти. Мен ошолорго жумуш орундарын түзүү, экономиканы көтөрүү, биздин бар потенциалды туура колдонуу жаатында эле алып чыккан сунушум болчу. Мен ар кандай маселелер түрмөгүндө сунуш киргизсем эле өкмөт чек араларды ачып, туристтерди киргизип ийбейт. Биз көтөргөн сунуштардын ашып кетсе 20 пайызы ишке ашат. Ашпаса ашпайт. Эгер жакшы сунуш болсо, өкмөт аны эсине түйүп алат дагы, тиешелүү министрликтер, ведомстволор терең изилдеп, экспертгерди чакырып, канчалык пайдасы, зыяны бар экенин талдап, таразалап көрүп, ошондон кийин гана Жогорку Кеңешке мыйзам долбоору менен келет, же өкмөттүн токтомун чыгарат.

Менин анализим боюнча социалдык тармактарда өзүн таанытпаган, билдирбеген жыйырмадай гана киши башка аттарды жамынып алышып, мага катуу чабуул жасап атышты. Мен мындан ушуну түшүндүм: менде дагы саясый оппоненттер пайда болуптур. Көрсө, мен Жогорку Кеңеште жөн отурбай, иштеп атыптырмын. Демек, кандайдыр бир орчундуу маселелерди көтөрүп, кимдир бирөөлөрдүн талуу жерине тийип жаткан экенмин…

Керим Мурас

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 + = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: