Menu

Кыянбек мааракелер менен көз будамайлап атабы?

Бөлүшүү:

Жалал-Аабад облусун башкарган Кыянбек Сатыбалдиев деген эргул бар. Өтө эле «шустрый» өңдөнөт? Облустун кадрдык маселесин бир кылкай жердештеринен коюп атканынан кабарыбыз бар, андайлар уркуюп көрүнүп ка-һлат деп ойлобойбу? Анысы ал, акыркы учурда облустун ичинде марафондорду арбыта өткөрүп атканынан облустун эли тажап бүтүптүр. Сөзүбүз куру болбосун, Аксы району-һнун 90 жылдыгы, Базар-Коргон районунун 100 жылдыгы, эми Ноокен районунун 90 жылдык мааракесин өткөрүү алдында марафон уюштуруп, ушул эле айдын аягында катуу майрамдаганы чамынып аткан кербези экен. Эл кышка камылга көрүп, өз оокатын кылбай эле, Кыянбектин марафонун ойлоп санаага батып бүттү. Марафондо канча акча чогулат, эсеп-кысабычы? Алар кайда кетет, ким жооп берет, Кыянбекпи? Мындай бир караган кишиге облгубернатор эки эле иш кылып калды: марафон өткөрүү жана 90-100 жылдыкты майрамдоо. Ушу жерден бир нерсени айта кетпесе болбойт, Ноокен районуна болгону 83 жыл (1935-жылы негизделген) толгонун тарых кашкая тастыктап турса да Кыянбек мырза өкмөттү, элди, өлкө президентин кантип ынандырганын түшүнбөй турабыз. Алдадыбы? Эмне максатта, саясый упай топтообу, марафондон чогулган акчага баюубу?

Урматтуу Сооронбай Шарипович, сиз «коррупция менен күрөштү күчөтөм» деп айтып, аны менен көпчүлүк учурда алексиз. Ошол эле ишти Жалал-Абаддан, облус жетекчиси болуп турган Кыянбек Сатыбалдиевден улантыңыз. Бийликтин абийирин ушуга окшогон жетекчилер кетирип жатпайбы. Прокуратура же коопсуздук кызматына дайындап койсоңуз, Кыянбектин кылыктарын заматта тизмектеп беришет. Ушундай шартта облустагы социалдык көйгөйлөр баштан ашканы өкүндүрөт…

Бекбол Андаров

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − 18 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: