Кыргыз Республикасынын ИИМдин баңгизат менен күрөшүү тобу баңгизат менен иштеген кылмыштуу топту кармады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Үстүбүздөгү жылдын 3-октябрынан баштап республиканын бир канча аймактарында атайын операция жүргүзүлгөн иликтөөдө бир канча баңги менен алектенген “булак” өз ишин токтоткон. Алсак Ысык-Көл облусунун Түп районунда эки киши кармалган. Алардын бири Ысык – Көл облусунун тургуну 1962-жылы туулган К.К. болсо дагы бири Чүй облусунун тургуну 1971-жылы туулган М.Х. болгон. Аларды кароо ишинде 45 ширеңке кутучасында салынган күңүрт жашыл түстөгү зат табылган. Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш жана жаза кодесинин 247 – беренеси ылайык кылмыш иши козголгон.
Экспертизалык иликтөөнүн жыйынтыгында бул заттын массасы 780 грамм жана “гашиш” деген баңгизат экени аныкталган . Азыркы күндө бул ишке тиешеси бар болгондорду иликтөө иши жүрүп жатат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ