КСДПнын Жогорку Кеңештеги фракциясынын таанымал депутаттарынын бири Ирина Карамушкина социалдык тармактарга өзүн жана партиялаштарын кабатырга салган “КСДПны рейдерлик жол менен басып алуу даярдалууда» деген маалыматты жазып чыкты.
Анын жазганын толук келтирели: «Тилекке каршы, партиялык оппортунистердин саткынчылыгы Социал-демократиялык партияга кедергисин тийгизүүдө. Ооба, дүйнөлүк тарыхта мындай нечен жолу болгон, бирок саткындар айланып келип эле өздөрү койгон капканга өзүлөрү түшкөн…
Болгон факты катары Рыспаев Кожобек Саясий кеңештин чечими менен партиядан чыгарылган, ал эми КСДПнын мүчөсү эмес. Ал фракцияда иштей берсе болот, бирок партиянын атынан чыгып кандайдыр бир нерселерди айтканга укугу жок, Жогорку Кеңештин комитетинин төрагасы болуп да кала албайт (бул констуциялык орган, бизде партиялык система болгондон соң, анын ишине партия жоопкер). Бирок да аны бул кызматтан алып салууга фракция добушун берген жок.
Болуп жаткан иштердин баары – бул партияны рейдерлик жол менен басып алуу даярдалууда жана мунун көптөгөн уюштуруучулары азырынча көшөгө артында… бирок “раимчик” сыяктуулар жана ага окшогондор алар менен бирге. Андыктан саясий оюн тирешүүгө айланып кетиши мүмкүн… Алардын башкы милдети – “Атамбаевдин өлкөдөгү жетишкендиктеринин баарын “жууп” салуу…»
Көрүнүп тургандай, Ирина Карамушкина кезектеги парламенттик шайлоонун жакындап келатканына байланыштуу КСДПны рейдерлик жол аркылуу басып алуу коркунучу да жогорулап баратканынан улам тынчсызданганын билдирген. Чынында жаңы нерсени жаратып убара тартпай эле, даяр, сыноодон өткөн брендди пайдалануу алда канча оңой эмеспи. Калган башка партиялардын көбү өзүлөрүнүн кадырын небак түшүрүп коюшкан.
Дагы бир нерсени белгилей кетүү маанилүү. Атамбаев менен согушумуш этип, райондордогу партиячыларды чогултууга аракет кылган Сагын Абдрахманов сыяктуу “майда-барат куурчактар” туурасында кеп жүрүп жатканда бул Ирина Карамушкинанын анчалык деле тынчын алган эмес эле. Булардын колунан эч нерсе келбеси ага да, башкаларга да түшүнүктүү болчу. Анда анын азыр тынчсыздана баштаганы эмнеден? Кыязы, Атамбаевге каршы ойноп жаткан ошол куурчакпоздор эми кыйла салмактуураак “куурчактарды” ишке салалы деп чечишсе керек. Мисалы, КСДПнын ичинде Иса Өмүркулов, Дамира Ниязалиева өңдүү таанымал социал-демократтар Атамбаевге каршы иштеп жатканы туурасында кептер жүрүүдө. Бул олуттуу чакырык.
Булак: “Айгай-пресс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ