Жарандык активист, журналист Канышай Мамыркулова өкмөттү, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы, ошондой эле Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеевди Баш мыйзамдын 90-беренеси боюнча район аралык сотко берди. Мамыркулованын пикиринде бул мамлекеттик кызматкерлер “шалаакылык” беренеси боюнча жоопко тартылышы керек деп эсептейт. Ал аракетин К. Мамыркулова төмөндөгүдөй чечмелеп берди: «Баш мыйзамдын 90-беренесинде «Кыргыз Республикасында токтом, мыйзамдар аткарылууга жатат» деп көрсөтүлүп турса булар болсо сунуштап эле коюп жатышат. Бул ыр кесе эмес, эгер кааласа ырдап, болбосо жок дегендей»-деп.
Айтмакчы буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) “Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов жана Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев “Кыргызтесттен” өтүшү керек” деген журналист жана жарандык активист Канышай Мамыркулованын арызын карап, тестирлөөдөн өтүүнү сунуш кылган токтом кабыл алган. Ал эми Канышай Мамыркулова болсо Бишкек шаарынын мэрлик кызматына талапкерлиги көрсөтүлгөн Азиз Суракматовдун мамлекеттик тил боюнча сынагы мыйзамсыз өткөнүн айтып, сотко да арызданган. Активисттин жүйөсүндө, өкмөттүн 2017-жылдын 13-июлундагы №430 токтомунун негизинде, сынакты окумуштуулардан турган комиссия эмес, “Кыргызтест” өткөрсө мыйзамдуу болмок деп эсептейт. Анан калса Бишкек мэрлигине талапкерлигин коюп жаткан Азиз Суракматов 31-июлда тил боюнча сынактан өтүп, комиссия бир добуштан “ал кыргыз тилин билет” деген чечим чыгарган. Бирок ошол экзаменде ал “эл”, дегенди «эль» деп, «шаар» дегенди «шар» деп ката жазганы тууралуу жана да ал тургай эркин баарлашууда да Азиз Суракматов: «чет жактарын шаардын жарыктындыруу керек…», «менин тапшырмам иши барып кайра тартпаймын, душмандын тылуу жерине барып аны кайратып өзүм да жок болом» деп сүйлөгөнү интернет, теле булактары аркылуу коомчулукка тарап, борбор калаанын тургундары эле эмес, өлкөнүн башка региондорунун да тургундарынын нааразычылыгын катуу жараткан. Ошого болбой эле «соккусу күчтүү болсо кийиз казык жерге кирет» дегендей Суракматов Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы Тил коммиссиясы тарабынан «экзаменден ийгиликтүү өттү» делген. А чынында, чындап эле эне тилге күйсөк, «жогорку жооптуу кызматтагы жетекчи кыргыз тилин билиш керек» деген бекитмени да, тил жөнүндө мамлекетибиздин мыйзамдарын да сыйласак анда Суракматов балекет болсо да ал сынактан өзүнө тийиштүү баасын алыш керек болчу. Кыргыз тилинин ишенген бир таянычтары болгон Тил коммиссиясындагы ошол филлолог агай-эжейлер да анчалык пастыкка, мажирөөлүккө, коркоктукка барбаш керек эле. Андагы тил сынагы кандай өткөнү азыр да интернетте илинип турат, кашкайып! Просто, уят! Кийин Мамыркулованын арызы боюнча БШК токтом чыгарып, Азис Суракматовго «Кыргызтесттен» өтүп коюңузчу?» деген сунушун чиркей чаккандай да көрбөй жөнөкөй жана ачык айтканда «пыш-ш» дегендей эле кылып койду го, жаңы мэрибиз.
Айта турган нерсе, чоңдорубуз, чокудагы чоңубузга чейин баары тең эле эне тил маселеси боюнча өтө олутту, жалындуу сөздөрүн айтып келет. Мыйзамдарды чыгарып, аны көзөмөлдөгөн Жогорку Кеңеш да эне тил жөнүндө маселе көтөрүлгөндө «буркан-шаркан» түшөт, Кыргызстанда алардан өткөн эне тилди коргогон адамдар жоктон бетер. А эмне үчүн журналист Канышай Мамыркулова чырылдап жаткан көрүнүш боюнча да, АК үй, КӨК үйдөгүлөрдүн бирөөсү да «ооздоруна талкан сугунуп алышкандай) унчугушпайт, бирөөсү да үн катпайт?
Президенттин айтканы Суракматовго тиешеси жокпу?
«Кыргызстандын бардык жарандары кыргыз тилин билиши мамлекеттик маанидеги милдет.» Бул сөздү президент Сооронбай Жээнбеков КМШ мүчө өлкөлөрүнүн мугалимдеринин жана билим берүү кызматкерлеринин V сьездинин ачылышында айтты. Ошону менен бирге эле кыргыз тили Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили катары улуттук баш коштуруунун милдетин өтөөгө тийиш экендигин белгиледи.
Кенжебек Арыкбаев
Булак: «Айгай-пресс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ