Menu

Башкы прократура Сарпашевдин сары изине түштү

Бөлүшүү:

Кыргызстандын экс- вице-премьер-министри, Мамлекеттик каттоо кызматынын (ГРС) экс-же­текчиси Тайырбек Сарпашевге козголгон кыл­мыш иши кайрадан жандандырылды. Бул туу­ралуу жума башында Башкы прокуратурадан билдиришти. Мындайда айрым атуулдар «кай­сынысы же канчанчы кылмышы боюнча жан­дандырылыптыр?» деп сураса жооп да таба ал­бай калат экенсиң. Анан калса, о-оо, убагында Тайырбектин тайраңдаганы жөнүндө кимдер га­на айтпады, жазышпады, бирок, анын баары эле жабылуу аяк жабылуу бойдон калып Т. Сарпашев Акылбек Жапаровчосунан канча ириет «суудан кургак чыгып» эле келбеди. Ал эми «Сарпашевге карата жандандырылган кайсы кылмыш иши?» дегендерге маалымдамабыз бул: 2013-жылдын мартында жарандык абалдын күбөлүгү үчүн бланкка Тайырбек Сарпашев башында турган Мамлекеттик каттоо кызматы тендер өткөрүп, тендерди «Учкун» ААКсы утуп алган. Каржы ми­нистрлиги бул тендерди мыйзам чегинде өттү деп жарыя кылган. Анан ЖЧК «Т.П.» Сарпашевдин тапшырмасы боюнча ААК «Учкундан» 40 миң да­ана туулгандыгы тууралуу мыйзамсыз күбөлүктүн бланкасын сатып алат. Ал бланктарды жарандык абалды каттоо Департаментинин аймактык бөлүмдөрүнө таркаткан жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга беришкен. Ал ишке мамлекеттин казынасынан 8 миллион сом чыгымдалган. Бирок кийин белгилүү болгондой ал «Туулгандыгы туу­ралуу күбөлүктүн» микротекстинде «Никеге тур­гандыгы тууралуу күбөлүк» деген жазуу болгон.

Ишти Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы иликтемей болду. Азырынча Тайырбек Сарпашевге расмий түрдө айып тагыла элек. Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Т. Сарпашев болсо ага карата кылмыш ишинин жанданды­рылгандыгы тууралуу «мен эчтеке билбейм жана комментарий бере албайм» – деп жүрөт. Господин Сарпашевдин иштерин ЭККМК чындап чубай тур­ган болсо алигиге чейин жоопкерчиликке тар­тылбай жүргөн, Акаевдин кезинде Ысык-Көл об­лусунун губернатору болуп турган кезинде мам­лекеттик казынаны каалашынча калчаган кай­натасы Касымовдукунан ашса ашаар, бирок кем эмес былык иштердин былгып чыгаары дээрлик мүмкүн. Эгерде эле Сарпашевге карата жандан­дырылган кылмыш иши кайсы бир гана саясий кызыкчылык үчүн гана колдонулбаса.

Булак: «Айгай-пресс»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 + = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: