Кечээ, 10-октябрда Берлин шаарында, Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Эринес Оторбаев Германиянын Курчап турган чөйрө, жаратылышты коргоо жана атомдук реакторлордун коопсуздугу боюнча Федералдык министрлигинин статс-катчысы Йохен Фласбарт мырза менен жолугушту. Бул тууралу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун негизги максаты катары жаратылышты коргоо тармагындагы кыргыз-герман өз ара аракеттенүүсүн кеңейтүү маселеси болду. Тактап айтканда, Элчи Эринес Оторбаев Кыргызстандын региондорун туруктуу өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүнун алкагында өлкөбүздүн түштүгүндө ирригациялык долбоорлорду ишке ашырууда, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдүү Республикасынын жаратылышты коргоо ведомстволорунун ортосундагы кызматташтыкты чыңдоодо Германиянын катышуусун карап чыгууну сунуш кылды.
Өз тарабынан, Статс-катчы Йохен Фласбарт курчап турган чөйрөнү коргоо маселелеринде Германиянын артыкчылыгы, глобалдык демилгелер, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмунун алкагында алардын ведомствосу жүргүзүп жаткан иш тууралуу, ошондой эле Борбор Азияда жаратылышты коргоо тармагында Германия тарабынан ишке ашылырып жаткан долбоорлор жөнүндө маалымдады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ