Menu

Ахмат Келдибеков алгачкы бизнесин Ош базарында шыпыргы сатып баштаган

Бөлүшүү:

Кыргыз коомчулугу чиновниктердин байлыгынын саны ачылып калса эле “айлыкка иштеген  чиновник мунун баарын каяктан тапкан? Демек уурдаган” деп жарга такай баштайт. Экс-депутат Ахмат Келдибековдун жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө расмий эле катталган төмөнкү байлыктарын КР Кадр кызматынын маалыматына таянып кыргыз ММКлары жарыялаганда да коомчулук мунун баарын кайсы айлыгына сатып алган деп ызы-чуу кылып талкууга алышкан. Бул тизмеде ошол Келдибековдун ачыкка чыккан байлыгы көрсөтүлгөн:

-Жер үйү – 558,6 квадрат метр,

-Жер участогу – 5000 квадрат метр,

-кыймылсыз мүлк — 605 квадрат метр;

– коттедж — 70,9 квадрат метр;

– коттедж — 333,8 квадрат метр;

– коттедж — 435 квадрат метр;

– коттедж — 277,4 квадрат метр;

– коттедж — 220,8 квадрат метр;

– коттедж — 223,6 квадрат метр;

– коттедж — 526,02 квадрат метр;

– коттедж — 306,5 квадрат метр;

– коттедж — 459,47 квадрат метр;

– коттедж — 107 квадрат метр;

– коттедж — 361,85 квадрат метр;

– коттедж — 398,91 квадрат метр;

– квартира — 30,7 квадрат метр;

– коттедж — 1447,4 квадрат метр;

– үй — 132 квадрат метр;

– квартира — 200,9 квадрат метр;

– квартира — 226,7 квадрат метр;

– квартира — 102,2 квадрат метр;

– квартира — 257 квадрат метр;

– үй — 276,1 квадрат метр;

– жер участогу — 5300 квадрат метр;

– кыймылсыз мүлк — 10600 квадрат метр;

– кыймылсыз мүлк — 472 квадрат метр;

– үй — 386 квадрат метр;

– коттедж — 696 квадрат метр;

– жер участогу — 5500 квадрат метр;

– квартира — 88,4 квадрат метр;

– үй — 911,4 квадрат метр;

-автомобиль  Range Rover

-автомобиль Lexus 570

Бирок, Келдибеков өзү бул байлыктар бизнестен, адал эмгектен табылганын айтып жүрөт. 1990-жылдары Келдибеков менен чоогу жүрүп, чоогу бизнес кылган досторунан сураштырсак, Келдибеков жогорку окуу жайын бүткөндөн кийин бизнесин Ош базарынын алдында кадимки эле үй шыпыргысын саткандан баштаган экен. Демек шыпыргы сатып деле жогорку тизмедегидей байыса болот экен да. “Азамат!” деп биз ыраазы болуп калдык. Кесиптин жаман-жакшысы жок, эң башкысы тапкан-ташыганы адал эмгек менен табылса болду да. Досторунунун айтымында Ош базарында шыпыргы, өзүнүн айтымында пахта май сатып жүрүп, тууган таап, Каржы министрлигине жумушка орношкон экен. Анан эле дүнүйө өзү эле агылып келе баштаптыр. Адал эмгек кылсаң, бизнести жаман-жакшы деп тандабай, кандай кара жумуш болсо да уялбай-тартынбай жасап, керек болсо шыпыргы же май сатып, маңдай териңди төксөң Келдибековго окшоп байып кетесин.  Эмгек гана адамды байытарын Келдибековдун мисалынан көрүүгө болот.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 − 16 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: