Menu

Чыңгыз менен Бүбүсаранын махабаты…

Бөлүшүү:

Ушундан туура беш ай өткөндөн кийин, Бүбүсара Москвада жүргөн кезде, Салмоорбек башка кызга, көптөн бери сүйлөшүп жүргөн линияга тилчи Жапар Шүкүровдун кызына, үйлөндү. Үйлөнгөндө да куду Бүбүсарага айткан, аны соороткон баягыл ой-планы боюнча баш кошту. Адегенде Фрунзеде, анан Москвада белгилешип, анан Сочиге барышып, сүйүүнүн аптап айын ошол жерден өткөрүшөт. А бирок ушундай болот экен деген сөз Фрунзенин ар бир көчөсүнө жыландай сойлоп, улактай ойноп киргенине көп болгон. Көчөдөн эмес үй ичинде, эки адамдын көкүрөк сыры болуп айтылганына жыл карыганы калган. Ошол сөз суу куюлбаган чындык экен. Куш баласы уясынан учкан соң жер кыдырып сабалап кетет деген ушундай бир укмуштан калган иш тура.

Бүбүсаранын үйүндөгү телефон ар күн сайын эл жатар маалда жаны чыгып бараткандай чыркырай берип, качан гана ал аны Москвадагы «Москва» мейманканасынан тапкан соң тилден кала тып басылды. Жыландай жылган баягыл сөз акыры ага жеткен экен да, моюнуна оролуп, балапандай тилегин көз көрүнөө соргон экен. Чыгармачылык командировкасынын аягы үйлөнүу үлпөтү менен уланмак, эми минтип каргашадай кабар менен мөөнөтүнөн жети күн мурун кайра турбас болуп жер жаздана мүдүрүлүп жыгылды… Самолёт менен эмес, поезд менен, беш күн, беш түн эмес, кырк күн, кырк түн бою тыным албай аркыраган поезд менен, Салмоорбектин, өзүнүн ак көңүл жана ишенчээк көңүлүндө ит өлүмү менен өлгөн Салмоорбектин «кыр-кылыгын» жол үстүндө өткөрүп, бейитине жети кара таш ыргытып, анан гана Фрунзеге жетем деди. Ал Салмоорбекти ушинтип күттү да, ушинтип тосуп алып, аны менен дал ушинтип коштошту.

Анын жакын санаалаштары Фрунзе вокзалынан эмес, Пишпектен тосуп алышты. Салмоорбектин үйлөнгөнүн уккандан берки жети күндүн ичинде жерден өткөн кайрат жыйнап, ичинен сынып турса да, сыртынан сырттан көрүнүп, сыны кетпес сандыктай болуп, досторунун сөздөрүн бүт укту. Уюл таш болуп үн катпай, кара жер сымал кайгырбай туруп: «Бардыгын билем. Салмоорбек эркек эмес экен»,-деп гана койду. Анан кафеден чыккан соң жанында жалооруй карап, аны баласындай аяп тургандарга: «Мындан кийин ал жөнүндө сүйлөшпөйбүз. Я его похоронила», – деди.

Ошол күндөрү ал жалаң гана ой менен жашады. Көчөдөнбү же башка жерденби, айтор, тааныгандар да тааныбыгандар да Бүбүсараны көргөндө ага боор ооруп, аны аягандай, алдап жүрүп тагдырын сындырган Салмоорбекти каргап жаткандай туюла берди. А бирок анын таштай каткан көңүлүндө кайдан-жайдан кайра тартпас кара күн болуп жаралганын өзү да билбейт, өлтүрбөй туруп өч алам деген мерез ой пайда болду. Ушундан уламбы,айтор,анын санаасында жакшылык менен жамандык,адам жөнүндөгү ойлор бороон алдында бороонду беттеп сабалап учкан куш болуп туруп алды. Сени таштап кетип, сенсиз бактылуу болгон адам эч убакта сен жөнүндө ойлонбосо, сени бактылуу кылам, сенсиз жашай албайм деп жүрүп сени да, өзүн да бактысыз кылып алганын сезбесе, анда ал мен бактылуумун деген күндө деле бактысыз адам. Бактылуу адам бактысыздын бактысыздыгын билген, бактылуунун бактысына түшүнгөн, бактысызды бактылуу кыла албай калса да аны бактылуу адамдай баалаган адам гана бактылуу. Ошондуктан адам деген ар күн сайын энеден төрөлгөнүн эстеп турушу зарыл. Ооба, тагдыр айтса айла канча, аял бу турмушта абийирсиз болуп калышы да мүмкүн, а бирок ал мээримсиз, таш боор, мерез, карөзгөй, эркектердин тагдыры менен өмүрүн сындырбаган арамза болушу эч мүмкүн эмес. Анткени аял – аялдардын да, эркектердин да энеси. Мен эми аялдын, аял эненин, аял жардын эркектерге жасаган ырайымдуулугу, боорукердиги үчүн жашаймын. Анткени бирөөлөр тагдырын да, турмушун да эл алдында сындырган мендей адамды Жаратканы өзүнүн жакыны санап, анын жанына жарыгын төгүп, кыйноодо жүргөн дилине жан аябай жакшылыгын бере берет. Тагдыр деген, сүйүү деген ушундай. Ошондуктан сүйүүнү ыйык санаган боорукер адам ак сүйүүгө жете албайт, мисирейген митайымдар менен өз кызыкчылыгы үчүн сени сүйөм деп туруп, анан аны көчө боюнда ыйлатып туруп, жалгыз үйдө жанын кыйнап жалдырата жалынтып туруп өлтүрүп салып басып кеткен алдамчылар менен калпычылар, анан зөөкүрлөр гана сүйүүнү тебелеп туруп, ботодой боздотуп туруп жете алат. А чынында алар тебелеп таштаганын, жалгандыгын сүйүү деп ойлошот. Андайлар сүйүүнү да, бакытты да, тагдырды да билишпейт. Ушундай ойлор аны бирде кадимкидей сооротсо, бирде аны намыс талаш эрөөлүнө чакырып, көзүнө көрүн, өч алгын деп көкүтүп жатты… Ошол бойдон алдынан колуна чырак кармаган адам чыккан жок.

Күн ызаланып чыгып, кыжыры кайнап баткан күндөрдүн биринде анын арман-муңдан таш болгон түндөрү тагдыр эрдигине дагы бир жолу алып келди. Ар-намысы менен адамдык кадыр-баркы, аялдык башы Салмоорбек Табышалиевдин таманынын алдында тебеленип жатканда ал баягыл уйгу-туйгу ойлордун кучагында калды. «Көзүнө көрүн, өч алгын»,-деген айдактама ой анын чачынан сылап, кара жерди чаяндай тиктеп турган көзүнөн өөп, азыткыдай азгырып ийди. Кантип өч алат? Турмушка чыгыппы? Кантип көзүнө көрүнөт? Медицина илиминин доктору, профессор Сапар Рысбаевди колтуктап басыппы?

Түшкө кирип, ойго илинбес, аягына кыялдан башка жете алгыс дагы бир санаа-кайгынын азабына кабылды.

Жалгыздыктын жалынына куйкаланган дүйнөдө жүргөн Бүбүсара Сапарды бөрү турмуштан алып чыгамын, ошону менен көзгө көрүнөмүн, Салмоорбектен да, ал жасаган тагдырдан да өч алам деп ойлоду. Үй-бүлөсү менен өз турмушунун ортосундагы отко түшкөн Сапарды өмүрлүк жолдош кылып алды. Анын үстүнө аны тааныгандар профессордун жакшы жактарын айтып, бар болгону үй-бүлөнүн айынан бир аз иче коёрун эскертишип, эркек аялы менен ажырашса арак ичет, ал жагын өзүң алдап-соолап, көңүлүн алып жолго салып аласың дешкенинен улам ушул ишке бел байлады. А бирок алардын турмушу бир үйдүн эки терезесинен тең жарыша чыккан жарыктай балбылдап күйүп турбады. «Көзүнө көрүн, өч алгын»,-деген азыткы ой Бүбүсаранын турмушка чыга аларын, аны эркектер жакшы көрүп, андайлардын көбү колун сурап, тагдырын берүүнү эңсешээрин гана айтып тим болду. Тагдыр-турмушу сынган адамдын көңүлү сөздөн, жаттан да, өздөн да калып калат окшобойбу. Акыры ажырашып кетишти. Бүбүсара үйүнө келсе столдун үстундө кагаз жатыптыр, үч күндөн бери үйүлүп турган Сапардын буюмдары жок. Кайда кетти, кимге кетти, барар жери, басар жолу кайда эле? Муну Бүбүсара билген жок. А кагазда болсо: «Мен өлгөн күн сен үчүн бардык күндөү улуу күн – деген жазуу ар экен.

1959-жылдын сай ташындай саны жок күндөрү бирден келип, экиден өтө баштаган учур жаңы гана башталган кезде болгон Кыргызстан жазуучуларынын үчүнчү съездинде адабий коомчулукта дагы бир олуттуу, калемгерлердин ойлоно турган маселеси кылыч мизиндей коюлган эле. Эгер жазуучулардын экинчи съезди кыргыз калемгерлери фольклордук ой жүгүртүүнүн капканынан али да болсо бошоно албай, натыйжада баяндоочулук менен даяр сюжеттик үлгүлөрдүн туткунунда калып, чыгарманын көркөм-эстетикалык жаңылыгына жетишүү талаптагыдай болбой жаткандыгын ар тараптан баса белгилесе, бул жолу өткөн жылдагы декадада жогору бааланган чыгармалар улут адабиятынын өнүгүш жолундагы этаптуу көркөм баалуулук катары бааланды. Ошону менен бирге өткөн съездде белгиленген кемчиликтер дагы эле кайталанып жаткандыгы, кайталанганда да мурда аты аталган акын-жазуучулардын жаңы чыгармаларынан ачык-айкын көрүнгөндүгү келишкис маселе иретинде айтылды. Айрыкча поэзияда дагы эле болсо граждандык лириканын үнү угулбай жаткандыгы, прозада көп сөздүүлүк менен үстүрт баяндоочулук, образ түзүүдөгү көндүм схемалардын кадимкидей иштеп жатышы, адам психологиясын ачуу маселеси мурдагыдай эле кыймылсыз абалда тургандыгы баса көрсөтүлдү. Мындай көрүнүштүн ачык-айкын орун алышы айрым белгилүү жазуучулар тарабынан чыгарма толук жазылып бүтө электе эле жогору бааланып, кыргыз адабиятындагы жаңы роман трилогиянын классикалык үлгүсүнүн жаралышы, интеллигенция турмушунун жаңычылдыкжол менен сүрөттөлүшү деп кайра-кайра айтылып келген Шүкүрбек Бейшеналиевдин «Таалай жолу», «Таалай жолун» азыркы кыргыз адабиятынын классикалык чыгармасы катары баалап келген Насирдин Байтемировдун «Жылдызкан» романдарына түздөн-түз мүнөздүү экендиги орчундуу маселе катары белгиленди. Ошондой эле азыркы драма жанрындагы абал да мезгилден артта калгандыгы, Кыргыз мамлекеттик драма театрында коюлуп жаткан он сегиз чыгарманын тогузу гана азыркы турмушту жалпы жонунан чагылдырары курч сынга дуушар болду.

Чынында эле бул съездде кыргыз жазуучуларынын жаңыча көркөм ой жүгүртүү, жаңыча изденүү, чеберчилик маселесине көңүл бурулган.

Ошентсе да кыргыз жазуучуларынын арасындагы, айрыкча аттуу-баштуулар ичиндеги, Жазуучулар союзундагы өзүм жана өзүбүз билебиз, биздики туура, биз чечебиз деген бука моюн,буура сан билермандыкты айта кетпесе болбойт. Анткени, Чыңгыз Айтматовдун аңгемелери жарыялана баштагандан бери эле анын чыгармаларын өгөйлөтүп, карышкырдын бөлтүрүгүндөй мамиле кылгандардын бири Насирдин Байтемиров болду. Съезддер аралыгындагы чогулуш, пленумдарда да серпме чолок мурутун сылап коюп, «жолдош Шүкүрбек Бейшеналиев күндөн-күнгө, чыгармадан-чыгармага өсүп, мыкты жазуучу катары таанылып жатат. Ал эми котормочу болууга талаптанган Ч. Айтматов жазуучу болом дегени менен күн сайын начар жазып, жазгандарын эч ким окубай жатат»,-деген пикирин өзү айткандай күн сайын күкүк сайраш кылып жүрдү. Бул кыргыз калемгерлеринин эне сүтү менен эмес, өзүн өзү акын-жазуучу катары тааныгандан берки, а бирок эки жолу көз жумса да сөөгү менен бир жолу кошо кетпес, башкаларда айыкпас болуп, өтүшүп бүткөн баш оору катары улана берер, күнүлөштүн күн кубалап күчөгөн оорусу оорусу эле. Насирдин Кыргызстан жазуучулар союзунун проза секциясын жетектөөчү. Демек, анын пикири бир жазуучунун пикири болбой калышы да мүмкүн.

Ушул үчүнчү съездде да ал үнүн кооздоп, куу самандай кубула күйүп сүйлөдү. А бирок Москвадан келген акын-жазуучулар, айрыкча, Мухтар Ауэзов: «Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары жалпы совет адабиятындагы жаңы көрүнүш, жаңы ачылыш, буга чейин айтыла элек жаңы сөз, кыргыз адабиятынын салттуу табылгалары менен орус жана башка бир тууган элдердин көркөм дүйнөсүн табигый түрдө бириктирип турат»,-деген ойлорун билдиришти.

Ушундан кийин жыл айланып өз маалына жеттиби же андан ашып кеттиби, айтор, анын Советтер Союзундагы эң абыройлуу, КПСС Борбордук Комитетинин органы болгон «Правда» гезитине Орто Азия республикалары менен Казакстан боюнча өз кабарчысы болуп иштеп жүргөн кезинде жандүйнө тагдырына бурулуш жасай турган бир иш болду. Ал иш ушу 1961-жылдын башында болду көрүнөт. Баягыл 1958-жылдагы декада күндөрүндө Москвадан Чыңгыздын дил тереңине чок болуп түшүп, көңүлдө кызыл гүл болгон, анан жыл айланып-айланбай кадимки Октябрь революциясынын алтын бешиги аталган Ленинград шаарынан айдын нурун ак тилек кыла ачыкка чыккан бир махабат тагдырына байланыштуу, караңгы жайга кадамын санап барбаган, акыры айтылар маалы болгондо как чекеге тиер ок болуп, ачыкка чыгар, анан ошону менен эле бүтпөстөн кимдир бирөө өзүнүн көрүн өзү казып, кара койдой мууздалып калар жазасын алар азаптан бүтөр иш эле. Анын үстүнө Нагима анда ооруканада болчу. Баягы боло жүрөр эски оорусу десе, андай эместей, анысына дагы башкасы, бу жарыгы өчпөс дүйнөгө аны кыйнабай, алып кетер жагына алып барардай жаңысы кошулгандай үрөй учуруп туруп алды. Ары кетип, бери келет да, кайра туруп кайра кетет. Башы тегеренет, денеси зыл таш,таяк менен туруп, таяк менен басчудай акыбалга жетти. Уул-кыздары кашында туруп, кабак-башын кайтарып, карегин карап калышты. Бирде жакшы да, бирде…

Керездин кабагы жерге түшүп, бешенеси өчкөн оттун ордундай болуп келди. Нагиманын көңүлү жай эле, муну босогону аттаар менен эле байкады.

Уландысы бар…

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: