Menu

Айтматовду эскерүүгө 6 млн сомдон көп акча чогулду

Бөлүшүү:

ТаластаЧыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесин өткөрүүгө 6 млн 900 миң сом чогулду. Бул тууралуу облустун администрациясынын маалымат кызматы билдирди.

Анын 500 миң сомун Президенттин аппараты, 300 миң сомду Жогорку Кеңеш берип, калган каражатты жергиликтүү калк жана демөөрчүлөр берген. Ушул тапта жазуучунун 90 жылдыгына арналган иш-чаралар өтүүдө. «Манас Ордо» улуттук комплексинде 100 боз үй тигилди. Ага мамлекеттик өкүлдөр, парламенттин төрагасы Дастан Жумабеков, жазуучунун карындашы Роза Айтматова, уулу Элдар Айтматов жана депутаттар катышып жатат.

Ошондой эле аймактардагы белгилүү сүрөтчүлөрдүн сүрөт көргөзмөсү болот. Анда түрдүү жанрдагы, белгилүү инсандардын, Кыргызстандын табиятын чагылдырган сүрөттөр коюлат.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: