Menu

ТИМ: Чет өлкөлөрдө 48 шайлоо участогу ачылып, шайлоочулардын тизмесине 49481 шайлоочу киргизилди

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин аймагында Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Министрлик тарабынан активдүү иш-аракеттер жасалды. Бул тууралу ТИМдин  басма сөз кызматы билдирет.

Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин аймагында шайлоо жана референдум өткөрүүнү ишке ашыруу боюнча КРнын ТИМнин алдында Штаб түзүлгөн.

Дипломатиялык миссиялар тарабынан өтө турган шайлоо жана референдум боюнча жарандар арасында масштабдуу маалыматтык-түшүндүрмө иштери жүргүзүлдү.

Министрликтин сунушу менен КРнын аймагынан сырткары 48 шайлоо участогу, анын ичинен 3 участок КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Москва жана Тюмень шаарларындагы Өкүлчүлүктөрүнүн базасында уюштурулду.

Чет өлкөлөрдөгү шайлоочулардын акыркы тизмесине 49481 шайлоочу киргизилди.

Ал эми азыркы кезде Министрликтин жана КРнын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин максатка ылайык ишинин натыйжасында КРнын аймагынан сырткары добуш берүүчү шайлоочулардын тизмеси 16877 КРнын жаранына көбөйдү, тактап айтканда, өсүүнүн динамикасы 51,76% пайызды түздү, былтыркы парламенттик шайлоого салыштырмалуу.

Азыркы кездеги дүйнө жүзүндө болуп жактан эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу КРнын чет өлкөлөрдөгү бардык мекемелеринде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздуктун талаптарын аткаруу боюнча чаралар көрүлгөн. КРнын чет өлкөлөрдөгү мекемелери бул багытта коопсуздук чаралары күчөгөн өлкөлөрдүн бийликтери менен КРнын жарандарынын шайлоо участокторуна чектөөсүз жетүүсү тууралуу  макулдашышкан.

Биринчи болуп бишкек убактысы боюнча саат 3.00 тө Южно-Сахалинск шаарындагы КРнын РФдагы Элчилигинин Кеңсесинин аймагындагы шайлоо участогу ачылды.

Бишкек убактысы боюнча саат 12.00го биздин чет өлкөлөрдөгү мекемелердин аймактарында жайгашкан 38 участкалык шайлоо комиссиясында добуш берүү башталып, уланууда.

Бишкек убактысы боюнча саат 12.00го карата добуш берген шайлоочулардын саны 2498 жаран добуш берди

Убакыттын айырмачылыгына байланыштуу калган чет өлкөлөрдөгү 10  шайлоо участокторунда добуш берүү бир аз кийинчерээк башталат.

Шайлоо жана референдумдун жүрүшүн байкоо боюнча 44 өлкөдөн, 35 эл аралык уюмдун атынан келген 333 эл аралык байкоочу иш аткарууда.

Ошондой эле КРнын Тышкы иштер министрлигинде дүйнөнүн 11 өлкөсүнүн атынан 96 чет өлкөлүк ЖМКнын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана референдум өткөрүүнү чагылдыруу үчүн  аккредиттөдөн өтүшкөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 − 52 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: