Menu

Сабалган өспүрүмдүн ишин иликтөө уланууда

Бөлүшүү:

12-октябрда Ленин районуна караштуу 47-мекептин 8-классынын М.А аттуу окуучусу  ошол эле мектептин 9-классынын окуучусу  тарабынан катуу ур-токмокко алынган, анын натыйжасында  анын алдынкы тиши сынып, үстүңкү эрди жарылып, мээси чайкалган.  Өспүрүм №3 балдар клиникасына жеткирилген, жана ушул күнгө чейин дарыланууда.  Бул иш боюнча жабыркаган баланын атасы Ленин райондук ИИБине сабаган балага карата чара көрүү өтүнүчү менен арыз жазган. Жогорудагы факты Ленин райондук ИИБине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 170- (опузалап талап кылуу), 234-беренелери (бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.  Тергөөнүн жүрүшүндө жабыркаган баланын атасы дагы,  сабаган баланын атасы дагы милициянын ардактуу эс алуудагы кызматкерлери экендиги билинген. Укук коргоочулар жүргүзгөн иш чаралардын натыйжасында  жабырлануучу ал окуя “Жетиген” дүкөнүнүн жанында болгонун, өзүнөн улуу балдар “пирожки сатып алып бересиң” дегенде  каршылык көрсөткөндө сабап салганын билдирген.

Бул иштин иликтенүүсү ИИМдин жетекчилигинин көзөмөлүндө турат.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − 20 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: