Menu

Конокко баргандын да, тоскондун да эрежелерин билиңиз!

Бөлүшүү:

Конок тосуу – аялзат үчүн өзүнчө эле бир сыноо. Айрыкча ал коноктор сизге өтө жакын эмес болсо. Мисалы, жолдошуңуздун кесиптештери. Ушул сыяктуу эле конокто адамдын өзүн алып отурушу да айланасындагыларга анын жүзүн ачып коёт. Андыктан конокко баруунун да, конок тосуунун да эрежелерин билген жакшы.

Конокко барууда

1. Чакырылган жерге көп кечигип баруу ошол үйдүн ээсин сыйлабагандыкка жатат. Кечигүүңүздүн себеби болсо алдын ала чалып эскертип коюңуз.

2. Ал эми эрте кетүүгө туура келсе, коноктордун баарын дүрбөтүүнүн кереги жок. Үй ээлерине абалыңызды түшүндүрүп айтып кечирим сурап, алар менен гана коштошуп чыгып кете бергениңиз туура болот.

3. Кечигип келген адамдын коноктордун ар бири менен кол алышып учурашып чыгуусу шарт эмес. Үй ээлери менен гана кол алышып учурашып, калгандарга ийилип жалпы салам айтып коюу жетиштүү.

4. Конокко белексиз баруу туура эмес. Мейли, ал кымбат эмес белек болсун, бирок бир аз таттуу, жер-жемиш же бир бөтөлкө жакшы шарап ала барганыңыз талапка жооп берет.

5. Эркектер аялдардын баары отуруп болгондон кийин гана жай алышат.

6. Конокто отурганда тамактан баш тартуу туура эмес. Жегиңиз келбесе тарелкаңызга бир аз гана тамак салып, аны ошол боюнча калтырып койсоңуз болот. Дасторкондо отургандардын баарына диета кармап жатканыңызды же берилген тамакты жактырбаганыңызды айтып берүү зарыл эмес.

7. Дасторкон үстүндө отурганда телефон аркылуу сүйлөшүп маселеңизди чечкениңиз туура болбойт. Биринчиден, бул маданиятсыздыкка жатат. Экинчиден, отургандар сиздин маселеңизди укканы эмес, сүйлөшүп отуруп эс алганы келгендигин эске алып коюу кажет.

8. Оң жагыңыздагы адам менен сүйлөшүүдө сол тарабыңыздагы кишиге артыңызды салып алганыңыз болбойт.

Конок тосууда

1 Конок чакырууда 5-7 күн мурун айтып, убактысын да так айтыңыз.« Түшкө маал», «жумуштан кийин» деген сыяктуу фразаларды колдонуудан алыс болуңуз.

2. Конок тосуудагы башкы эреже – ашыңыз менен эмес, кашыңыз менен тосуп алуу. Башкача айтканда, эшиктен киргенде конокторду жылмайып тосуп алып, аларды узатканга чейин ушул калыбыңыздан жазбаңыз.

3. Алгачкы болуп келген конокту үй ээлеринин экөө тең тосуп алат. Андан кийинкилерин кожоюн тосуп алат. Бул убакта кожойке үйдөгү коноктор менен алек болот.

4. Биринчи болуп келген конокту 3 мүнөттөн ашык жалгыз калтыруу туура эмес. Сиз ашканага чыгып кеткен учурда аны менен жолдошуңуз, жок дегенде балаңыз сүйлөшүп отурсун.

5. Конок келгенге чейин баарына жетишип даярдап коюңуз. Ал эле эмес, өзүңүз сууга түшүп, женил боёнуп, халатыңызды чечип, башка кийим кийип алганга да убакыт калсын.

6. Келген конокторго дасторкон даярдаганга араң жетишкениңизди, эртеден кечке убара болгонуңузду айтуунун таптакыр кажети жок.

7. Кечигип келген коногуңузду жемелебеңиз. Анда кечиккендиги үчүн ансыз деле өзүн күнөөлүү сезип турган коногуңузду андан бетер ыңгайсыз абалга калтырган болосуз.

8. Конокторду бири-бирине тааныштырууда алардын кызыккан нерселери, хоббиси тууралуу айтсаңыз болот, а иштеген иши тууралуу айтуунун кажети жок. Кайсыл гана жерде иштебесин, азыр конокторуңуздун баарынын орду сиз үчүн бирдей.

Сайкал Илиасова

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: