Кыргызстанда коронавирус жуктурган 12 адамдын абалы оор, анын ичинен 5 адам реанимацияда жатат. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, коронавирус жуктурган 562 адам бейтапканаларда дарыланууда. Коронавирус жуктурган 12 адамдын абалы оор, анын ичинен 5 адам реанимацияда жатат. 80 адамдын абалы орточо оор, 470 бейтаптын абалы канааттандырарлык.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 31-майга карата коронавирус жуктурган 26 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1748ди түздү.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ