“Жарайт Сити” долбоорунун мүчөсү, көптөгөн иш-чаралардын алып баруучусу Нурсултан Курсанали уулу жакында үйлөнөт. Ал бул тууралуу өзүнүн инстаграм баракчасына жазды.
“Сөз менен жеткире албас өтө чоң жоопкерчиликтин жана милдеттин сезимдери болуп жатат. Буюрса баары жакшы болот. Жакында той” – деп, кыз узатуудан сүрөт жүктөгөн Нурсултан. Ал эми келин Казахстандын Талгар деген жеринен. Аты Диана.
Той качан, каякта өтөрү азырынча белгисиз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ