Menu

Кайрат Осмоналиев акчага азгырылабы?

Бөлүшүү:

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиевге дипломатиялык наам мыйзамсыз берилгендигин Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, ТИМдин Дипломатиялык академиясынын мурунку проректору Кайрат Осмоналиевден «экинчи класстагы кеңешчи» дипломатиялык наамын алып салуу тууралуу буйрук чыкты. Аталган наам ТИМде жана чет өлкөлүк мекемелерде дипломатиялык кызматтарда бир канча жыл иштеген эмгеги, квалификациясы үчүн берилиши керек. Мамлекеттик кызматтар реестринде проректор кызматы көрсөтүлгөн эмес. Эске салсак, Кайрат Осмоналиев буга чейин министрликке караштуу Казы Дикамбаев атындагы дипломатиялык академияда проректор болуп иштеген. Ошондой эле Кайрат Осмоналиев “жалданма адвокат” деген жаман атка конгону да коомчулукта айтылып жүрөт. Ал өзүнө мындай “жаман атты” ыйгарып алган себеби, саясий айдында кимдир бирөө бирөөнү каралай турган болсо Кайрат Осмоналиевге байланышаарын, анткени К.Осмоналиев “акча төлөсө”, кимдин-ким экенине карабай туруп аны жакшылап “шыбап”, каралап берээри эл арасында кеп болууда. Ушинтип акчага азгырылып авторитетин кетирбей тынч эле оокатын кылса дейсиң, кайран юридика илиминин доктору Кайрат Осмоналиев.

Булак: «Фабула»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: