Тышкы иштер министрлигине белсемдүү жаш дипломатгын келиши менен өлкөбүздүн бул жааттагы саясатында кадрдык өзгөрүүлөр күтүлүүдө. Биздин Тажикстандагы элчибиз Мирослав Ниязовду сылык-сыпаа кызматынан алышып, ордуна Түркмөнстандагы элчи Жаныш Рустенбековду узатуу каралып жаткандыгы, буга удаа Түркиядагы Ибрагим Жунусовду Өзбекстанга жөнөтүү боюнча маселе бышып жетилип калгандыгынан кабардар болдук. Өлкөбүздүн Түркмөнстан менен Түркиядагы элчилигине кимдер барары азырынча толук маалым боло элек. Айрым маалымат каражаттары аталган эки мамлекетке оппозициялык маанайдагы активисттерди жөнөтүү каралып жаткандыгын жарыялап ийишкен. Неси болсо да кырктын кырындагы жаңы министр менен ажонун бул жааттагы «көзүрү» Данияр Сыдыков чет өлкөдөгү элчиликтерге жүздөрү жышылган дипломаттарды эмес, жаңы муундагы өсүп келаткан жаштарды тартышса дурус болмок. Картайып бараткан «кашаң аттардан» арылчу убакыт деле келди да, туурабы?
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ