Menu

Аслан Сартбаев, “Азия Ньюс” гезитинин редактору: “Абылгазиев менен Конгантиев боюнча жазылган маалыматтар үчүн Ахмат Келдибеков 2 млн сомго доомат артып, соттошуп жатат”

Бөлүшүү:

–Аслан мырза, Ахмат Келдибеков сизди соттон 2 миллион сомго утуп алганы боюнча коомчулукта кеп кетти. Кандай дейсиз?

–Октябрь районунун соттору Азизов, Абакиров аттуу “монстрлар” мага 2 миллион сом айыппул салып коюшту. Бул эми саясат. Мен Кудай алдында утулган жокмун. Эгерде Келдибеков экөөбүз өлүп калсак, акыретте суралсак, кимдин айыбы көп экенин, ким-кимдин ырыскысын жегени боюнча тиги дүйнөдө айтылат. Кудайга шүгүр, мен эч кимдин акысын жеген эмесмин. Кээде маалымат иреттиндеги чындык учурунда далилденбей калышы мүмкүн. Бирок, акыры айыбы ачыла турган адамдардын бети түгөнөт да…

–2 миллион сомго утулуунун маңызы эмнеде?

–Эң жөнөкөй. Негизги эки маалымат боюнча. Биринчиси, сот Азизов караган процесс “Абылгазиев убагында Келдибековго кызмат кылып, мончодон шыпыргы чаап, ага кызмат кылып жүрдү беле?” деген маанайда суроо катары маалымат чыккан. Ошол боюнча 1 миллион сомду уруп коюшту… Экинчиси, Молдомуса Конгантиевдин туулган күнүндө Элмурза Сатыбалдиев, Акмат Келдибеков, Райым Матраимов, Алтынбек Сулайманов, Нурбек Мурашев, Бакыт Парманкулов, Максат Чойбеков, Максат Абдыгулов ж.б. Ошондо сөз болуп, Келдибеков: “Алайдан чыккан Данияр Абдыкаров деген жигитибиз ИИМдин орун басары болуп отурат, эми министр кылабыз” дейт. “Ахмат, сен сыймыктанган Даниярды мен убагында Таласка УВДнын орун басары кылгам, мына “Пармаш” экөөбүз аны көтөргөнбүз, бирок, көчүккө суу куйгандай кылып, бизди сатып кетти. Мен турганда Данияр эч качан министр болбойт!” деп Конгантиев ызырынып, сиркеси суу көтөрбөй дирилдеп алыптыр” деген кыязда. Экинчи 1 миллионго утулушум ушул негизде ж.б. майда маалыматтардын алкагында… Дал ушундай сөз болгонун тирүү күбөлөр айтып атышат, бирок, алар сотко барышып, майдалангылары келбегенин да моюнга алышууда…

–Түшүнүктүү. Мындан аркы кадамыңыз кандай болот?

–Азырынча соттун чечимдерин толук колума алып, андан соң анализ жасайм. Мен убагында Бакиев, Атамбаевдин системасы менен кармашып, элдин кызыкчылыгын жазып, сөз эркиндиги үчүн “жылаңач баатыр” болуп жүргөнүмдө Келдибеков каякта эле? Каякта жүргөнүн мен айтпасам деле билесиңер. Азыр болсо “Азия Ньюс” гезитин жаптырам, Асланга көрсөтөм” деп ызырынып басып жүрөт. Мен мындай “баатырлардын” далайын көргөм. Акырында шоона эшпей калышчу. Мыйзам чегинде күрөшөбүз, Келдибековго айта турган кеп: “Иттин ээси болсо, бөрүнүн Кудайы бар” дейт. Мына ошону унутпасын. Дагы “тамаша” али алдыда…

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: