Menu

Роза Отунбаеванын кадр саясатына кийлигишкени иниси Болоттун дубуртүнөн байкалат

Бөлүшүү:

Экс-президент Роза Отунбаева коомчулукка ачык да, тымызын да саясатын жүргүзүп, реалдуу таасир жаратууда дасыккан чебер эмеспи. Соңку убакта иниси Болот Отунбаевдин ТИМ жетекчилигине дайындалары боюнча сөздөр тарап, бул жаатта соцтүйүндөрдө пиар башталганы жашыруун эмес.

Атайын жигердүү топтор иштей бапггаганы менен андай аракеттери ишке ашпай калды. Ошентип, инисин жарнамалоонун артыңда апчеси турганы, тышкы иштер министрлигин алып жыгылууга жан үрөшкөнү сокурга да сезилди окшойт. Буга чейин Болот Отунбаев бир катар элчилик кызматтарда иштеп жүргөнү менен демилгелүү иштердин өтөөсүнө чыкканын билбейт экенбиз. Ак кол, тек гана аткаруучу жана апчесинин көзү менен тең айланган ортозаар кадр. Учурда тышкы саясатыбыз кризиске кептелип, оор шартка кабылганыбызда, ТИМ жетекчилигине тажрыйбалуу саясатчынын келиши туура го. Ал эми Роза Отунбаева кадр саясатына кийлигишпей эле олчойгон пенсиясын алып, экс-президенттик доорундагы жашоосун уланта берсе болбойбу?

Бекбол Айдаров

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 − = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: