Menu

Турсунбек Акун: Оор кылмыштарга айыпталган Бабановду кечирүү акылга сыйбайт

Бөлүшүү:

– Туке, Бабановду келсин деп аткандар чыкты…

– Өзүң көрүп атасың, «Республика – Ата Журт» партиясынын Руслан Казакбаев баштаган депутаттары жыландын куйругун чыгара башташты, «Бабановду кайра апкелиш керек. Анын эч кандай күнөөсү жок. Ал эч кандай улуттар аралык жаңжалды козгоо аракетин кылган эмес, жадагалса Назарбаевге жүгүрүп бармак тургай, ал өзү чуркап келген. Бабанов мыкты адам. Чет жакка кетмек эмес, ден соолугун “ремонт” кылганы эле барган. Сооронбай Шарипович, айкөлдүк кылыңыз, сиз баардык саясый күчтөрдүн башын бириктирем деп атпайсызбы. Бабановду да чакырыңыз, келсин» дешип башташты.

Бабанов таза болсо чакырыгы жок эле келе бербейби, же…

– Кептин баары ушунда болуп атпайбы. Анын Он-Адырда «урматтуу элим, урматтуу өзбек калкым, чөгөлөп туруп жашагыча, тике туруп өлгөн жакшы. Тике туруп өлгөн жакшы! Баардыгыңар бирге болсоңор, бирөөнү уруп атса баарыңар чыксаңар, эч ким силерге каршы тура албайт» деп сүйлөгөн сөзү улуттар аралык жаңжалды козутуу эмей эмне? «Монтаж» деп чыгышты, эч кандай монтаж эмес. Чыныгы ошондой ишке барган. Эптеп добуш алыш үчүн, президент болуш үчүн ушундай ыплас кадамдарга барган. Бул боюнча БШКдан сөгүш алган. Бабановдун бул эле кылыгы дейсиңерби?

Ал канчалаган адамдарды сызга отургузуп кеткен, канчалаган адамдардын заправкаларын тартып алган, заводдорун тартып алып, өздөрүн опуза кылгандарын эл билбейт дейби?

– «Чет жакка дарыланганы кетти» дегени калппы?

– Калп, карандай калп. Шайлоо учурунда эки ай бою «ооруп ок тийбей» эле куландан соо Кыргызстандын баардык булуң-бурчун кыдырып жүрбөдү беле, тимеле «жылдыз» болуп, анан каяктагы оору? «Урунарга тоо таппай, урушарга жоо таппай турган» чагы, болгону 47 жаш кези, анан каяктагы оору? Антпей эле ага үч кылмыш иши козголуп, түрмөгө отургандан коркуп качып кетти.

– Тууганым, факты менен, факты…

– Эмне, айтып берейинби? Биринчиси, улуттар аралык жаң-жалды козутуу. Экинчиси, мамлекеттик төңкөрүштү даярдоо маселеси жана дагы башка иштери чыгып, үч чоң статья, оор кылмыш коюлду. Ал атайы өлкөдөн качып кетти. Азыр Интерпол аркылуу издөөгө алынды. Бабановду кечирүү акылга сыйбайт…

– Бабановго жеке өчүң бар окшойт?

– Жок, андай эмес. Эч бир оош-кыйьпп, аласа-бересем жок. Адам катары кичипейил, жакшы жигит. Кеп принципте болуп атпайбы. Туура эмес иштерге барып, коррупцияга белчесинен малынып, мамлекеттин мүлкүнө колун салып, уурдап-тоноп аткан кылмышкерлерди кээде биз кечирип коюп атабыз, ошону менен катар тиешелүү жазаларын албай калып атышат. Ушундан улам Кыргызстан бардак болуп, ууру ууру бойдон калат, коррупционерди бир бийлик шыпыра чаап, экинчи бийлик кайра жумушка коюп атат. Ошон үчүн Бабановго окшогондор тиешелүү жазасын алыш керек.

– Ошол эле сен айткан «Республика – Ата Журт» партиясынын депутаттары өлкө президенти Сооронбай Жээнбековго кайрылып аткандары туурабы?

-Туура эмес. Сот менен тергөө органдарына президент кийлигише албайт. Аны президент өзү деле айтпадыбы. Бабановго ишти УКМК козгободубу, бу жерде президенттин кандай тиешеси бар? Эгерде Бабановду ошондой жол менен апкеле турган болсок, анда Аскарбек Шадиевди апкелели. Садыр Жапаровдун туугандары, Текебаевдин тарапташтары чыгышат. Негизи Текебаевдин эркиндикке чыгышын мен колдоп жүрөм. Мурунку бийликтин запкысын көрүп, түрмөдө отурган бир топ саясатчы, коомдук ишмерлер бар, аларды эмне кылабыз? Менимче бул туура эмес. Бабановдун акчасына семирген кошоматчылардын бул демилгелерин мен такыр колдобойм, уят!

Сурат Жылкычиев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: