Menu

Алтай Бөрүбаев, экс-төрага: Президенттин кадамдарын толугу менен колдойм

Бөлүшүү:

– Алтай Асылканович, президент Жээнбеков сиздин кичи мекениңиз Таластагы эл менен жолугушууда эгемен өлкөнүн тарыхындагы экс-премьер-министрлер менен парламенттин сиз сындуу мурдагы спикерлерин чогултуп, өлкөнү өнүктүрүү боюнча ойлорун угууга дилгир экенин билдирди. Президенттин кадамына кандай оюңуз бар?

– Оюм жакшы, көз карашым түз. Кыргызда «ашык дөөлөт баш жарбайт» деген кеп бар. Жолугушууга келчү буга чейинки ар бир төрагалар менен өкмөт башчылардын өздөрүнүн ойлору, баскан жолдору, иштөө стилдери бар. Ошолордун баарысын азыркы учурдагы абал менен салыштырып көрүп, ойлорубузду угуп, мыйзамдардын инггелип чыгуу жолдорун, алардын аткарылышы жөнүндөгү көптөгөн ойлорубузду укса абдан жакшы болмок. Бул туура чечим. Президенттин мындай кадамын жеке өзүм колдойм.

– Бул жагы жакшы албетте. А бирок, ошол эле мезгилде экс-премьерлердин, мурдагы спикерлердин арасындагы качып-бозуп жүрүшкөн, мамлекеттин ырыскысын жеген алкы бузук, колу булгангандар боюнча кандай дейсиз? Алардан өлкөнү өнүктүрүү жагынан олуттуу сөз чыгабы?

– Эми андайлар чакырылбайт да. Сен дагы кызыксың го… Андайлар чакырылган күндө деле өздөрү уялганынан келишпесе керек. Уурулугу ашынып, коррупцияга малынган, соттолгон мурдагы өкмөт башчылар менен айрым спикерлер «менден үлгү алгыла, меникиндей кылгыла» деп мурдагы «тажрыйбаларын» айтышмак беле? Алардын алды чет мамлекетке качып кетишсе, ошолор келмек беле? Андайлар келе алышпайт. Эгемендүүлүктүн ичинде 20дан ашык өкмөт башчылар, жыйырмага жакын парламенттин төрагалары алмашыптыр. Ошолордун арасында элге түз карап айта турган сөздөрүбүз, айтчу ойлорубуз бар. Ушундай катмардагы эмгеги сиңген экстер менен президенттин кеңешем деген кадамдарын мен толугу менен колдойм.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: