Menu

Депутат өлкө башчынын учагы эски болгондугуна нааразы

Бөлүшүү:

Бүгүн, 18-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Кыргызстан фракциясынын депутаты Таабалды Тиллаев өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков учуп жүргөн учак мынчалык жупуну болгону  уят көрүнүш экендигин айтты. Анын айтымында эл аралык сапарлар учурунда ажонун учагы эң эски экендиги көрүнүп турат.  Ошондой эле эл өкүлү президенттин учагы орусиялык ТУ үлгүсүндө болгонуна нааразы.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов президенттин учагы 1990-жылы чыгарылганын, жана ал эскилиги жеткенин бирок ага карабастан учактын абалы жакшы экендигин билдирди.

Сооронбай Жээнбеков  өзүнүн жөнөкөйлүгүнөн кээ бир эл аралык сапарларга катардагы каттамдар менен барып келгендигин, бирок бул жерде коопсуздук маселеси тураарын Тиллаев белгиледи.

Ошондой эле депутат мырза кээ бир чет элдик президенттерине, мисалы Түркия менен Өзбекстандын учактары аларга белек катары берилгендигин эске салды.

Түркиянын президенти ага Катардын эмири белек кылган учак үчүн актанганын, бирок эгерде  каржылоо табылса  биздин ажого жаңы учак сатып алууну ойлоно тургандыгын министр билдирди.

Айта кетсек, өлкө башчы чындыгында эле катардагы каттамдар менен колдонот, мисалы Ош шаарына барганда, ошондой эле ал Москвадагы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын ачылыш аземине бараарда өздүк учагынын ордуна  катардагы авиакомпаниялардын биринин  каттамы менен келген.

Булак :KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 49 = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: