Menu

Асланбек Сартбаев, “Азия Ньюс” гезитинин башкы редактору: Мен түрмөдө да сынган эмесмин, аягына чейин күрөшөм, Келдибековдун 2 млн. сому суу кечпейт

Бөлүшүү:

Курманбек Бакиевдин бийлиги менен ачык күрөшкөн журналисттер саналуу гана болгон. Алардын бири Аслан Сартбаев. Кезинде «Учур» гезити аркылуу Бакиев режимине каршы турганы менен эсибизде. Кийин Алмазбек Атамбаевдин саясатындагы кемчиликтерди көзгө сайып айтып жүрдү. Сын айткан журналист кимге жаксын, кезинде Сартбаевге каршы бир топ кысымдар көрүнө да, көмүскө да болду. Кудайдын башка салганын көрүп камалып, түрмөнүн даамын да татып чыкты. Ар кандай амалдар менен «Учур» гезитин тартып алышса, «Азия Ньюс» деп ачып алды. Айтор, көк жал мүнөзү менен өз чыйырын салып келе жатат. Аслан мырза, айкөл кечиримдүү анан бетке айтаар тикенек тилдүү журналист экенин жакшы билебиз. Аскени «ШЕР» деп айтсак да болот, «ЭР» деп айтсак да жарашат. Мындан улам журналисттик кесибинде үлкөн саясатчылардын бир тобу менен соттошту. Кечээ жакында эле мурунку спикер Ахматбек Келдибеков Аслан Сартбаевди 2 (эки) миллион сомго доого жыгыптыр. Тагыраак айтканда Аслан мырзаны, ал кожоюндук кылган «Азия Ньюс» гезитине карата доо арыз менен сотко кайрылган экен, жетеленме соттор Ахмат мырзанын өтүнүчүн аткарып бериптир. Бул боюнча Аслан мырзаны кепке тарттык…

—Аслан мырза, коомчулук түп көтөрүлүп, сиздин жана сиз ээлик кылган «Азия Ньюс» гезитинин экс-спикер Ахматбек Келдибековго соттон утулганыңызды талкуулап атышат. Болгондо дагы мындай чечим эмес, 2 (эки) миллион сомдук доого жыгылганыңызды Адил Турдукулов башында турган «Сөз эркиндигин коргоо» комитети билдирүү таратып, «Азия Ньюс» гезитин жана сизди колдоого чакырык ташташты. Ток этерин айтсаңыз, азыркы процесс кандай жүрүүдө?

—Кыргыз эли түпкүлүгүндө адилеттүүлүктү сүйгөн эл. Мен Адил Турдукулов досума терең ыраазычылык билдирем. Ал эми мени Октябрь районунун соттору Азизов, Абакиров дегендер «беспредельщик» катары 2 миллион сомго айыпка жыгышы президент Сооронбай Жээнбековдун башкаруу саясатына да сөз тийгизди. Уяткарды. Мындай сотторду түп орду менен жоготуп, коомго тазалануу багытын салыш керек. Мындай «чунак» «ээнбаштар» башкаларды да сыздатат… Ток этээрин айтсам, жалпы сөз эркиндигин сүйүүчүлөр менин таламымды талашууда. Бул боюнча жакында чоң резонанс болот…

—Кызык экен. Сиз кандай багытты айтып атасыз?

—Элибиз каймактуу элитага бай эмеспи. Райондук сот 2 (эки) миллион сомго жыккандан кийин мага көптөгөн аттуу-баштуулар чалышып, билдирүү катары чыгышкан жатышат. Мен азырынча токтотуудамын. Эл жазуучулары, академиктер, генералдар, дээрлик мамлекеттик ишмерлер менин маселем боюнча президентке кайрылуу үчүн сөз айтууга белсенишүүдө. Себеби, алар «Азия Ньюс» гезитин жакшы көрүшөт. Сөз эркиндигинин баалуулугун барктаган адамдар мага туруп берүү үчүн колдоп чыгышарын жакында көрөсүңөр.

—Ахмат Келдибеков гезиттер аркылуу, сайттар аркылуу сиздин дарегинизге сын айтууда. Ал кишинин айтымына караганда ачуусуна аябай тийгенсиз го?

—Мен ал киши менен айтышып, кайра жооп кайтаргым келген жок. Ахмат мырзанын жолу улук. Кеп башка маселеде. Ошол акмак соттордо! Эмоция ар бир адамда бар. Мен «жарылып», көп сөз айтсам болот эле. Азырынча сабырдуулук менен өзүмдү кармап турайынчы. А баса, түндө Жылдыз Жолдошова мага чалып калды. Эжемди жакшы көрөм, табиятынан ак адил, адилеттүү аялзаты. Жылдыз айым эски жаратты сыйрып, менин түрмөдө жатканымды эстетип кеп козгоп койду. Ооба, Бишкек ГУВДнын ИВСинде акыйкаттын курмандыгы болуп, камалгам. Кийин СИЗОго кеттим эки айга. «Бейбаштык» боюнча айыпты ойлоп табышкан. Эгерде мен кылмышкер болсом, андагы элге таанымал 50 редактор, дээрлик аксакалдар, Жогорку Кеңештин депутаттары кол коюп беришмек эмес да. Асланды адилеттүү элита колдогон!

—Жылдыз Жолдошова эмне жаратыңызды сыйрып атат?

—Мени шоопур Икрамдар, андагы ИИМ министри Мелис Турганбаевге айтып, план менен «провокация» кылышып, камакка алышкан. Октябрь районунун начальник милициясы Мадияр Кулуев баш болуп, бир топ эле кордук көрсөтүшкөн.

Мындай шыйпаңдарды мен жерип салам. Кеп анда эмес. Ошентип, Бишкек ГУВДсынын ИВСинде камакта жатам. Бир маалда депутат Жылдыз Жолдошованын сөзү алыстан угулуп, камераларды текшерип келе жатат. Мен Жылдыз эженин унүн угуп, ошондо 10 минута уктап кеттим, мага келгиче. Себеби, мен эки күн удаасы менен уктаган эмесмин, ачка да болчумун. Бир маалда «шарак-шурак» болуп эшик ачылды. Камакта мен жана киши өлтүргүч ордубуздан турдук. Жылдыз эже тиги кишини көрүп чочуп кетти. Себеби, ал үч кишини өлтүргөн, анан ошол учурда мени да уктап калганда «мууздап» коюш колунан келээрин кыйыткан. Бул факт. Ал жердеги кырдаалды сөз менен жеткирүү мүмкүн эмес. Депутат Жолдошова кырдаалды түшүнүп, мени башка камерага которткон. Ошондо ГУВДнын начальниги Кашкар Жунушалиев ИВСтин кабинетине келип: «Аслан, мен сени эртең мен бошотом, генералдык сөзүм» деген. Бирок, начальник Кашкар «чыныгы генерал» эмес, коркок экендигин турмуш агымы көрсөттү.

—2 миллион доо арыз боюнча кандай кадамга барасыз?

—Буюрса, Бишкек шаардык сотуна кайрылам. Мен аягына чейин күрөшөм. Себеби, чындык мен тарапта. Мен түрмөгө камалганда да сынган эмесмин, ал эми Келдибековдун 2 миллион сому суу кечпейт.

Амантур Мусагул уулу

Булак: “Де-Факто”

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 + = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: