Menu

Жанар Акаев министрлик кызматтан баш тартты

Бөлүшүү:

Социалдык өнүктүрүү министрлигин башкарган “аккуулар” биринин артынан бир чыры чыгып олтуруп, баары “оптом” кызматын тапшырып кетүүгө аргасыз болушту. Албетте өздөрү эмес, коомчулуктун нааразычылыгы күчөгөнүнөн улам. Бош орунга ким келет?-деген соболдор көбөйдү. Кээ бирлери ушул министрликте иштеп кеткен Кудайберген Базарбаевди ыраа көргөнү ырас. Өкмөт башчы Мукан Абылгазиев дагы министрликтин чылбырын Базарбаевге карматууну чечкен экен, аны ансыз деле кочкорлуктар толуп кетти дешип токтотуптур. Парламентте үнү катуу чыккандардын арасында жүргөн Жанар Акаевге министрлик креслону сунуштаса “Баралбайм” деген жообун билдириптир. Жанар кийинки шайлоого барам деп даярдыкты эмитен баштаган соң, түйшүгү түмөн министрликке барып башын оорутмак беле.

Булак: “Жаңы ордо

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: