Menu

Урмат Самаев, депутат: Канатбек Исаевдин эркиндикке чыгышын калың эл күттү

Бөлүшүү:

Бул жигит саясатта, парламентте өтө ашынган активист болбосо дагы кичи мекенинде эл жүгүн көтөргөн кадамдары менен көпчүлүктүн оозуна алынганы бар. Көмүскөдө жүрүп, көп иштерди бүтүрүп койгон эл өкүлү менен бул сапар азыноолак баарлаштык.

– Урмат мырза, жакында кичи мекениңиз Токмокто эл өкүлдөрү Бакыт Жетигенов менен Канатбек Исаевдин тарапташтары делген эки жигит кызуу кандуулук менен бычакташканы эл ичине желдей тарап кетти. Бул окуяга сизге караштуу спортсмен балдар аралашып кеткен жокпу? Абалдан депутат катары кабар алдыңызбы?

– Биринчиден, кызуу кандуулук менен урушуп, бычакташканга жеткен эки жигит тең бир уруудан чыккан туугандык байланышы бар балдардан. Анан калса ошол эки жигит тең Бакыт Жетигенов менен Канатбек Исаевди байкелеп, инилик сый-урматын көрсөтүп турушат. Эки жигиттин бирөөсү менден улуу, экинчиси ини болот. Буларды жакшы тааныйм. Анан сен айткандай «ал тигинин жигити, мунусу башка, а беркиси мага таандык» дегенден алысмын. Биз эми бир журтпуз да. «Эр чекишпей, бекишпейт» дейт. Бул эми турмуш экен да. Жигитчиликте кээде мындай окуялар болуп кетет тура. Анан калса биздин Токмок шаарында тээ союз маалынан бери эле бычакташуу, атышуу, жардырып салуу деген көңүл иренжиткен көрүнүштөр көп кайталанып келет. Мындай абалды парламент трибунасынан көп эле көтөрүп чыгып жүрөм. Өзгөчө Токмок шаарынын укук коргоо органдары бул жагынан чабалдык кылып, иштериндеги илең-салаң кашаң жүрүштөрүн ар убак айтып жүрөм. Токмокто милиция, сот-прокурорлордон эл деле анчейин көп чочулашпайт.

– «Кыргызстан» фракциясынан силердин ишеним менен социалдык өнүктүрүү министри болгон айым баардык партиялаштарыңарды уят кылып кетпедиби? Бизге жеткен маалыматтарга караганда, силердин фракция бул кызматка татыктуу кадр таппай, араңардагы депутаттардан бири да бул кызматка барбай жатканы сөз болууда. Бул жагынан кандай ой айта аласыз?

– Бир беткей эле андай деп деле айта албайм. Таалайгүл Исакунованын ордуна барып, мамлекетке салым кошуп, иштеп кетүүгө даяр кадрлар арабызда жок эмес. Азыр сүйлөшүүлөр болуп жатат. Маселен, жеке пикиримде арабыздагы ошол эле  Алмазбек Токторов социалдык жактан өнүктүрүү министрлигине барса, ишти көркүнө чыгара аткарып кетмек.

– Эл өкүлү Канатбек Исаев былтыр бийликтин тузагына илинип, 9 айдан ашык камакта отуруп чыкты. Аны эркиндикке чыгарган бийликке, ошол эле Канатбек Исаевге Чүй-Токмоктун эли кандай пикирлерин билдирип жатышат?

– Канатбек Кедейкановичтин эркиндикке чыгышын жалпы Чүй облусу, анын ичинен Токмок шаары абдан жакшы кабыл алышты. Ушул күнгө чейин бизге чалып, «Канат уулубузга жолугуп, колун кысып, ден соолугун сурасак болот эле» деген шайлоочуларыбыз абдан көп болуп жатат. Көпчүлүк элге биз бул жагынан ыраазыбыз.

– Жеке өзүңүздүн күлүк аттарыңыз бар эмеспи. Бирок, ошол күлүктөрүңүз чоң-чоң мааракелик аш-тойлордо алдыга озгону байкалбайт. Сиз сыяктуу саяпкери жарашпай жаткан жокпу? Күлүктөрүңүздүн багын эмне себептен ача албай жатасыз?

– Чарбачылык иштен да саясат издейсиң да иним (күлүп). Карамагыбыздагы күлүк аттарыбызды таптап, той-аштарда эле чаап эле жатабыз. Кыргызда “ат чуркабаса тап чуркайт, тап чуркабаса бак чуркайт” деген кеп бар эмеспи. Бул деген спорт да. Акыркы убакта күлүктөрүбүздүн табы келбей жатабы же багуубуз жарашпай жатабы, айтор, алдыга озо албай жатышат. Быйылкы Көчмөндөр оюндарында аламан байгеде бир күлүгүбүз алдыңкы он айлампада тең алдыда озуп жүрүп, акыркы эки айлампада калып калды. Жакында Казакстанга барып, ал жактагы ат чабыштан да төртүнчү орунга илинип калдык. Жайында барганда да үчүнчү орунга калып калганыбыз чын. Эми таптаган күлүгүң дайыма эле алдыга озо бербейт да. Мында болбосо кийинкилеринде алдыга озуп, далай ирет даңкан салабыз деген ойлорубуз бар. Башкысы, чыныгы жигитке таандык ат таптамайга болгон ышкыбоздук өнөрүбүз каныбызда кайнап турат.

– Жакында өзүңүз менен тең чамалаш кесиптешиңиз Жанар Акаев келе жаткан парламенттик шайлоого «Демилге» аттуу топ менен бара турганын кыйытты. Сиз бул жагын кандай пландап жатасыз? Же көнгон «Кыргызстан» партиясы менен чыгып, партияга Чүй-Токмоктун добушун бурайын дейсизби?

– Азыр ал жагынан бир беткей чечимге келе элекмин. Санаалаш жакын агаларыбыз, инилерибиз, спорт чөйрөсүндөгү досторум, кичи мекенимдеги калың элим менен кеңешип, анан бир чечимге келебиз го. Көрө жаталы. Кудайга шүгүр, шайлоочуларымдын көйгөйлөрүн өкмөттөн чечилчүсүн ал жактан, ал эми өкмөттөн чечилбей турган маселелерин өзүбүздүн күч менен чечип, жардамыбызды берип жатабыз.

Калыгул Бейшекеев

Булак: «Азия ньюс»

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 85 = 94

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: