Menu

Финполиция: “Бишкек-Ош” дирекциясынын гендиректору жана 11 кызматкери 20 млн сом уурдоого шектелип кармалды

Бөлүшүү:

Бишкек-Ош автожолундагы коррупцияга байланыштуу 12 кызматкер кармалды. Бул тууралуу 11-июнда Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, Транспорт жана жолдор министрлигинин Бишкек-Ош жолу боюнча мамлекеттик дирекциясына караштуу бөлүмдөрдө “масштабдуу коррупциялык схема” аныкталып, дирекциянын жетекчиси жана «Сосновка», «Кара-Көл» тоннель бекеттеринин башчылары колго түшүрүлдү:

“Бүгүнкү күндө бул иш алкагында коррупцияга шектүү катары министрликтин структуралык бөлүмдөрүнүн 12 жооптуу кызматкери кармалды. Баштапкы эсептөөгө караганда, мамлекетке келтирилген зыян 20 миллион сом деп аныкталды”.

Финпол белгилегендей, азыр бул жемкорлук схемасына тиешеси бар башка да кызматкерлерди аныктоо иштери жүрүп жатат.

Кармалгандардын жактоочуларынан же өзүлөрүнөн азырынча комментарий боло элек.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматына караганда, Кыргызстанда 2018-жылдан бери коррупциялык иштерден мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү 10 миллиард 424 миллион 379 миң сомго жетти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: