Бүгүн, 20-октябрда Индиянын Амритсар шаарында поезд темир жол аймагында майрамдап жаткан элди аралап кетип, 50 киши каза болуп, 200 киши жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик массалык маалымат каражаттары жазып чыкты.
Поезд топтошкон элди сүзүп барып токтогон. Ал жерде индиялыктардын чоӊ майрамы катары эсептелген-Дусшера майрамын белгилеп жатышкан. Темир жолдо 100дөгөн эл чогулуп, катуу кол чаап жатышкандыктан, поезддин үнүн укпай калышкан.
Өлкө бийлиги жабырлануучуларга жогорку деӊгээлде көӊүл буруларын айтты. Поезд катуу ылдамдыкта келип, элди аралап кеткени видео көзөмөлгө түшүп калган.
Алдын ала маалыматтар боюнча каза болгондордун саны дагы өсүшү мүмкүн.
https://www.youtube.com/watch?v=Ama3_kJZoSA
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ