Menu

Жалал-Абадда “Ариет” балдар чыгармачылык борбору 20 жылдык мааракесин салтанаттуу белгиледи

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарында жайгашкан “Ариет” балдар чыгармачылык борбору түзүлгөндүгүнүн 20 жылдык мааракесин салтанаттуу белгиледи. Мааракелик салтанат Барпы атындагы драма театрда өтүп, област жана райондордон көптөгөн коноктор катышышты.

Салтанаттуу азем Жалал-Абад шаарында биринчи жолу уюштурулган балдардын көркөм-сүрөт көргөзмөсү менен башталып, жетекчилер жаш жеткинчектердин тарткан сүрөттөрү менен таанышышты. Андан соң концерттик чоң прогграма менен коштолуп, жаш таланттар келген конокторго өздөрүнүн өнөрлөрүн тартуулашты.

Аталган борбордун жетекчиси Жыпар Аманкулованын айтымында, бул борбор шаардагы жаш балдардын ар тараптуу өсүп-жетилүүсү үчүн зор эмгек жасап жатат.

-Биздин борбордо 4 багытта:  интеллектуалдык, кол өнөрчүлүк жана көркөм сүрөт, музыкалык жана спорт багытында балдар арасында иш алып барат. Учурда бизде 1000ден ашуун балдар тарбияланып жатса, аларга 24 мугалим билим беришүүдө. Биз ар кандай долбоорлор менен иш-алып барып, биздин таланттарыбыз өлкөдөгү, чет өлкөдөгү ар кандай сынактарга катышып келет. Борбор барган сайын канатын жаюуда, шаарыбыздын “Спутник” кичи районунда өзүбүздүн филиалыбызды түптөгөнгө мүмкүнчүлүк алдык. Албетте, жергиликтүү бийлик бизге ара тарпатуу колдоолорун көрсөтүп жатат, – дейт ал.

Мааракелик иш-чаранын аягында жаш таланттарга Ардак баракчалары, баалуу белектер берилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 + = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: