Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынан депутат, мурдагы юстиция министри жана экс-башкы прокурор Аида Салянованын соту 28-июлга жылды. Мындай чечимди ишти карап жаткан Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Кубанычбек Касымбеков Салянованын адвокаты Чынара Жакупбекова ооруп калганына байланыштуу кабыл алды. Жараянда судья адвокат дале дарыланууда жүргөнүнө нааразычылык билдирди. Мамлекеттик айыптоочулар дагы актоочулар териштирүүнү атайылап создуктуруп жатат деп айтышты.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ