Menu

Видео – Керчь шаарындагы кырсыктын толук видеосу жарыяланды

Бөлүшүү:

“Вести Крым” телекомпаниясы 17-октябрда Керчь шаарындагы политехникалык колледжде болгон кырсыктын байкоочу камерага түшкөн видеосун жарыялады. Ошондой эле бул видеону “Россия 24” телеканалы дагы эфирден көрсөттү.

Видеодо Владислав Росляков рюкзак жана чоң баштык менен имараттын арткы эшигинен кирип, экинчи кабатка көтөрүлгөнү көрүнүп турат. Ал жолдон жаш баланы жолуктуруп ал менен бираз маектешип тургандан кийинки кадрларда Росляковдун колундагы баштык көрүнбөйт. Кылмышкер кайрадан биринчи кабатка түшүп, турникеттен алыс эмес буфеттеги отургучтарга отурат. Отурган жеринен бираз чөнтөк телефонун карап, бир нече секунддардын ичинде буфеттен рюкзаксыз чыгып кетет. Студент экинчи кабатка көтөрүлүп бара жатып сырт кийимин чечип футболкачан калат. Футболкада “ненависть” (жек көрүү) деген жазуу таамай окулуп турат.

Жарылуу болгондон кийин Росляков алдынан чыккан бардык студенттер менен мугалимдерди атып жөнөйт. Анын өзүн өлтүргөн жери видеодо көрсөтүлгөн эмес.

Эскерте кетсек, 17-октябрда Керчь политехникалык колледждин төртүнчү курсунун студенти Владислав Росляков аты аталган окуу жайдын имаратында жардыруу чыгарып, алдынан чыккандардын бардыгына ок аткан. Натыйжада 20 адам көз жумган. Каза болгондордун көпчүлүк бөлүгү студенттер.

https://youtu.be/O0esrITaKoQ

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 69 = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: