Menu

“Кыргызаэронавигация” ишканасынын жетекчисинин орун басары Маматназар Жакыпбаевдин өлүмүнүн чоо-жайы

Бөлүшүү:

Кечээ, 21-октябрдын кечинде Бишкекте токмоктон улам «Кыргызаэронавигация» мекемесинин жетекчи орун басары Маматназар Жакыпбаев көз жумган.

Бул тууралуу Бишкек ШИИБИсинен билдиришкен. Андагы маалымат боюнча, Бишкектеги Токтоналиев көчөсү менен И.Масалиев атындагы түштүк магистралда унаалар сүзүшүп, айдоочулардын жаңжалдаша кетишкен. Уруш учурунда М.Жакыпбаев эсин жоготуп, тез жардамда каза тапкан.

Ал эми  маркумдун туугандары менен байланышканда төмөнкүлөр белгилүү болгон:

М.Жакыпбаев жубайы экөө «Тойота-Камри» унаасы менен магистралда келе жатып, Токтоналиев көчөсүнүн кесилишиндеги жол чыракка токтогон маалда, аларды артынан жол тандабас келип урган.

“Сүзгөн унаадан эч ким чыкпаганда, жолдошум түшүп, аларга басып барды. Күнөө аларда экенин түшүндүрүүгө аракет кылганда унаадан эки адам түшүп, жолдошумду опузалап киришти. Мен да барып, ажыратууга аракет кылганда бири мени четке түртүп чыгарууга аракет кылып жатты. Анан экөөлөп кетишти. Жолдошумду башка катуу нерсе менен чапты окшойт, шалак этип эле жыгылып түштү. Ургандардын бирөөсү коюнунан бир кара нерсени сууруп чыккандай болду, менимче ал ошону менен урса керек. Ал жол жээгине эмес жолдун ортосуна соккудан улам жыгылды Кыйкырып, үстүндөгүсүн апчып ары түрттүм. Жолдошум кыркырап кыйналып жаткан экен. Тигилер качууга аракет кылып, мен унааларга кыйкырып, өтүп бара жаткандардын арасынан бирөө милиция кызматкери экен, аларды кармап калды. Алардын ооздорунан спирт ичимдиги жыттанып жаткан, мас болчу…», – дейт маркумдун жубайы  Анара Токтоналиева.

Алдын ала маалыматтар боюнча, М.Жакыпбаевге кол салгандар 1979 -жылы туулган Шумкарбек уулу Мадияр жана Жоломан уулу Мирбек аттуу адамдар болушкан. Учурда алар камакка алынып, тиешелүү экзпертизадан өтүшүүдө,- деп жазат rezonans.kg сайты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − 34 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: