Menu

Англияда мектеп окуучуларына танаписте сүйлөшүүгө тыйуу салынды

Бөлүшүү:

Англиянын Бирмингем шаарындагы Найнстайлс орто мектеби окуучулардын танапис учурунда сүйлөшүп же кандайдыр бир добуштарды чыгаруусуна тыюу салды. Бул тууралуу ВВС жазып чыкты.

Аталган мектептин окуучулары ашканада жана атайын «социалдык аймакта» гана бири-бири менен сүйлөшө алышат. Башка учурда сүйлөшүп, эреже бузгандар 20 мүнөткө сабактан чыгарылат. Бул эрежени окуучулардын ата-энелерине жолдогон катта билдиришкен.

Бул ыкма балдардын сабакка психологиялык жактан даяр жана токтоо кирүүлөрүнө жардам берерин айтышкан. Бирок ата-энелер бул балдардын мектеп чөйрөсүнө жатыркап, коомго активдүү аралашуусуна тоскоол болот деп эсептешет. Атын атабаган бир ата-эне кызы мектепке барууну каалабай жатканын айткан.

Алардын айтымында, кызы мектебин түрмө сыяктуу көрөт экен. Эреженин ишке ашуусун нөөмөтчү мугалимдер көзөмөлдөшөт. Эрежени кайра-кайра бузгандар үчүн жаза дагы күчөтүлөт.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 + = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: