Menu

Абтандил Кулбараков, депутат: “Мага мамлекет эмне кылып койду дебей, мен мамлекетке эмне кылдым?” дешибиз керек

Бөлүшүү:

Жакында президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин депутаты Кулбараков Абтандилге «Даңк» медалын ыйгарды. Абтандил мырза мындай жогорку сыйлыкка татыктуу инсан. Себеби, ал депутат болгуча эле өз элине кайрымдуу болуп, жакындан жардам берип, көпчүлүккө үлгү көрсөтүп келген. Биз каарманыбыз менен мына ушул сыйлык, саясат баштаган ар кыл темада маек курдук.

—Абтандил мырза, жакында президенттин колунан сыйлык алдыңыз. Мына ушул сыйлык сизге чоң дем берди болуш керек. Бул боюнча оюңузду ортого салсаңыз…

—Сыйлык негизи адамга чоң дем берет эмеспи. Мен чынында ушундай сыйлыкка көрсөтүп жатышат дегенде анчалык деле ишенген эмесмин. Жарлык чыккандан кийин абдан кубандым. Элге кылып келаткан аздыр-көптүр эмгектин учурунда ушинтип мамлекет тарабынан бааланып турганы жүрөктү сүйүндүрүп, дагы да жакшы иштерди жасоого чоң түрткү берет экен. Мамлекет башчысына, өкмөткө ыраазычылыгымды билдиргим келет. Бул сыйлыкты алам деп күткөн деле эмесмин, ошон үчүн мага аванс сыяктуу болуп калды окшойт. Андыктан элге, мамлекет жасай турган ак эмгек, адал иштерибиз али алдыда. Маданият тармагында да көп жылдан бери эмгеги бааланбай келаткан бир топ инсандарга наамдарды ыйгарды. Мисалга, актёр Насрет Дубашовду айтсак болот. Ал бала кезинде «Жамилияда», «Бакайдын жайытында» баш каарманды ойноп элге таанылган. Кийин да маданиятка бир топ эмгек кылыптыр. Ошондой эле МаратЖанталиевдин актёр катары иштеп жатканын 40 жылболуптур.

Президент быйыл «Аймактарды өнүктүрүү жылы» деп бекеринен жарыялабаса керек. Себеби, айыл жерлеринде жалпы элге анча билинбей, үзүрлүү иштеп жүргөн бир топ инсандарды сыйлады. Алардын бир топтору мен сыяктуу эле сыйлык алып жатканына ишенип-ишенбей жатышканын айтышты. Кыскасы, сыйлык маселесин мурункудай тааныш — билиш менен эмес, татыктуу түрдө тандалды деп айтууга негиз барда.

—Президент быйылкы жылды Аймактарды өнуктүрүү жылы деп жарыялаганга байланыштуу айылдарда өнүгүүгө байланышкан кандай иштер жасалып жатат? Байкап жатасызбы?

—Башка аймактардан мурун өзүмдүн кичи мекеним Жумгалда жасалып жаткан иштерди айтайын. Биздин райондо эки БСР, бир БДР салынып жатат. Бирөөсү бүттү. БДРдин долбоору жасалды, жалпысынан 350 млн сомго салынмакчы. Бир БСР 66 миллион сомго салынат. Алар эми ишке кирсе,  айылдардагы жүздөгөн гектар жерлерге суу жетип, айыл-чарбанын өнүгүүсүнө жакшы өбөлгө түзүлөт. Башка багыттар боюнча да бир топ жакшы иштер жасалып жатканын байкап жатабыз. Биз да колдон келген жардамыбызды аябай, аракет кылып жатабыз. Мына ушунун баары аймактарды өнүктүрүү болуп эсептелет да.

—Айыл жерлериндеги мектеп маселесин кеп кылбасак болбойт. Кыргызстанга учурда тезинен 200 мектеп керек экен. Жумгалда мектеп көйгөйү да чоң. Ушул маселе акырындык менен болсо да чечилип жатабы?

—Райондогу мектеп, бала-бакча, ФАП сыяктуу социалдык мекемелер боюнча көйгөйлөрдү шайлоочулар, жалпы эл эле биринчи кезекте депутаттардан сурап, депутаттарга кайрылат экен. Бирок баардык маселе өлкөнүн бюджетине байланыштуу болгон соң, андай чоң көйгөйлөрдү депутаттар тез аранын ичинде чечип жибериши кыйын. Мектеп, бала-бакча көйгөйү жалпы мамлекетибиз боюнча болуп жатпайбы. Биздин райондо: Дыйкан, Чоң-Дөбө, Чаек, Таш-Төбө, Кызарт айылдарындагы салынып баштаган мектептер бир нече жылдан бери бүтпөй, созулуп жатат. Мисалы, Дыйкандагы мсктеп бүтүп калса, 150 орундук бала-бакча да бошойт эле. Азыр эски мектепте балдар абдан тыгылып окуп жатат. Ушундай көйгөйлөрдү эртерээк чечкенге биз да күчүбүздү жумшап жатабыз.

—Өкмөт кетпей турганын президент бышыктап айтты. Иштеп жатканына 6 айдан ашты. Ишмердүүлүгүн кандай баалап жатасыз?

—Бизде жаңы өкмөттүн иштеп жатканына 100 күн болду. Эмне иш кылдың деп такалап сураганга көнүп алдык. Керек болсо өкмөттүн иши 6 айда деле анчалык байкалбайт. Себеби, бизде көйгөй абдан көп. Бюджет тартыш. Жок дегенде бир жыл иштегенде чоңураак отчет алсак болот. Абылгазиевдин иши бир жылда өзү эле байкалып, көрүнүп калат. Азырынча өкмөт болушунча иштеп жатат. Аракет кылганы байкалып турат.

—Жакында президент менен Түркмөнстанга атайын иш сапар менен барып келдиңиз? Ал өлкөну н экономикасы кучтуу эмеспи. Ушул багытта да учкай кеп кылсак…

—Түркмөнстан бай өлкө да. Бул өлкөдө эл үчүн: газ, электр энергия, туз бекер экен. Кышкысын жылуулук да бекер берилет экен. Экономикасынын өнүккөнүн мына ушундан эле билсеңиз болот. Шаарлары укмуш таза. Ашхабадга 5,5 миллиард долларга олимпиадалык шаарча салып коюптур. Мурунку Красноворд шаары азыр Түркмөн башы шаары деп аталып калыптыр. Аны жаңылап куруу иштерине 7 миллиард доллар сарпташыптыр. Кооздугу, архитектурасы жагынан Дубай шаарын артта калтырат десек болот. Салынган жолдору да укмуш. Бизден Айыл-чарба, Транспорт министрлери да барышып, 20дан ашуун документке кол коюшту. Эми ушунун баары ишке ашса, абдан эле пайдасы чоң болот. Өзгөчө элинин тартибин да белгилеп айтсак болот экен. Тартип бар жерде өнүгүү да болот эмеспи. Бизде демократия ашыкча болуп, тартибибиз азыраак болуп жатат. Бул жагынада көңүл бурсак жакшы болот эле.

—Эми коомчулукта катуу талкууланган маселелер боюнча сиздин пикирди уксак… Кесиптешиңиз Махабат Мавлянованын Кытай туристтеринен визаны алып салуу боюнча көтөргөн маселеси коомчулуктун кыжырын келтирди. Бул боюнча эмне дейсиз?

—Махабат Мавлянованын көтөргөн маселеси талаштуу маселе. Мурун бизге деле Кытайга кирүү кыйын болчу да. Кийин жеңилдетишти. Кытайга 10 коммерсант кирсе, баарын катуу көзөмөлгө алып толук чыгарса Мавлянова Кытай туристтеринен виза режимин алып, мына ошондой тартип менен чыгарып турсак деп жатат. Мен бул маселени колдойм деп айта албайм. Бирок мен Махабат айымдын айтканын туура эле түшүндүм.

—Жарандык авиация агенттиги президент мснсн премьердин учагына 25 жыл болгонун, эскиргенин айтып, жаңы учак сатып алуу маселесин көтөрдү. Сиз да бул маселени колдоп чыктыңыз. Жалпы коомчулук болсо бул боюнча маселени ар кандай кабылдап жатат…

—Учак деген учак. Жерде жүргөн унаа эмес да. Президенттин учагыбы, жалпы карапайым элдикиои, айтор учактын техникалык абалына кайдыгер карабашыбыз зарыл. Назарбаев учкан учактын баасы 250 миллион доллар экен. Мына ошону айтып, кээ бирөөлөр чуулдатып жиберишти. Өкмөт эгер аракет кылып, жаңы учак ала турган болсок, биринчи кезекте шартка карайт да. Балким 150 миллион, балким 200 миллионбу дегендей. Бул баалардан да арзан болушу мүмкүн. Бул маселеге тендер жарыялап олтурбай эле, учак жасаган заводдон түз келишим менен алса, кыйла жеңил жана пайдалуу болот го дейм. Тендер болгондо тескери иштер көп эле болуп кетип жатпайбы. Негизи жаңы учак алып койсок, ал Сооронбай Жээнбековго эле эмес, кийинки президенттерге, өкмөткө кызмат кылат. Канчалык биз бири-бирибизди сөгүп, басынта берсек, ошончо ынтымак начарлап, ылдыйлайбыз. Канчалык бири-бирибизди кадырлап, ынтымакты күчөтүп турсак, ошончо көкөлөйбүз.

—Кыргыздын байлары биригип туруп эле президент менен премьерге жаңы учак алып берип коюшпайбы деп да айтып жатышпайбы….

—Биринчи кезекте ошентип айтып жаткандар муктаж адамдарга жардам берип, кайрымдуулук кылыптырбы? Мына ушуну сурап көрүш керек. Элге, мамлекетке кандай кызмат кылды? Азыр социалдык түйүндөрдө жүзүн жашырып алып, ар кайсыны айтып, ар кимге асылып жаткандар көп эле. Андайлар кыйраткан деле иш кылган эмес. Анан колунан келишинче иш кылып жаткандарга асыла беришет да. Мындай бир жакшы сөз бар: «Мага мамлекет эмне кылып койду дебей, мен мамлекетке эмне кылдым?» – деген. Ушул учкул сөздү ар кимибиз эстеп жүрүшүбүз зарыл.

—Сиз көп жылдан бери кайрымдуулук иштерине терең көңүл буруп келатасыз. Бул боюнча да азыраак кеп кылалы…

—Жумгалда Беш -Терек деген айыл бар. Мынаушул айылдын мектебинин «отоплениеси» жок экен. Бул боюнча мага «150 миң сом болсо жетет эле »-деп айылдын эли кайрылышкан болчу. Мен сураган акчаны каникул учурунда бергем. Ошол акчага мектептин жылуулук системасын жасап бүтүрүшүптүр. Андан тышкары айылдагылар өздөрү миң сомдон чогултуп, мектепке ашкана салып алышыптыр. Өткөн жумада ушул жаңыланган иштердин ачылышына барып келдик. Чаекте Ногойбаев атындагы мектептин жанында эски бала бакчанын бир тарабы бузулуп калыптыр. Аны оңдоого 100 миң сом жардам көрсөткөм. Көрүп келдик, ал иш да жакшы бүтуптүр. Мен ушул жерден салыштырып бир ишти айта кетким келет. Мен 100 миң сомго жасаган иштин көлөмүндөй эле ишти өкмөт тендер аркылуу миллион сомго жүргүзүп жатат. Байкап көрсөк, 100 миң сом менен миллион сомго жасалган иштин көлөмү бирдей. Керек болсо, 100 миң сомго жасалган ишгин көлөмү көбүрөөк экен. Карабайсыздарбы, тендер деген балекет нерсе экен да. Айырма абдан чоң болуп жатат . Тендер деген маселени жакшы мыйзам менен жөнгө салбасак, ушинтип эле мамлекеттин каражатын коромжу кылып жатышат. Негизи мен кичи мекеним Жумгалга жума сайын, кээ бирде эки жумада бир бир барып турам. Барган сайын райондун кайсы бир көйгөйлүу маселесине аздыр-көптүр жардам оерип келем. Андан тышкары, шайлоочуларым Бишкекке келип, көп учурда ар кандай жардам сурап кайрылып турушат. Мен эми анын баарына колумдан келишинче жардамымды көрсөтүп жатам.

Айбек Шамшыкеев

Булак: «Багыт» 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − 28 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: