Генерал Токон Мамытов Акыйкатчы болгонуна аз эле болгондо өзүнөн мурун бул кызматты аркалап кеткен экс-акыйкатчылардын отчётун ЖК комитеттеринде бере баштады. Эске сала кетсек, мурункулар Бакыт Аманбаев, Кубат Оторбаевдер ЖКда отчёт беришпей кеткен. Эми алардын иштеген ишинин жыйынтыктарын Мамытов айтып бермей болду. Ал кечээ күнү комитет жыйынында Чет мамлекеттерде жалпысынан ар кандай кылмыш кылды делген 1800дөн ашуун кыргыз жарандары түрмөлөрдө олтурганын билдирди. Алардын көпчүлүгү Орусия түрмөлөрүндө олтурат. Мамытов аларды Кыргызстанга экстрадиция кылуу маселесин ошол өлкөдөгү кесиптештери менен сүйлөшө турганын кошумчалады. ЖК депутаттары бир жыл ичинде бул көрсөткүч эки эсеге чейин азайышын талап кылышты.
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ