Menu

“НУР Телекомго” жүздөгөн миллиондук лицензияларды миң сомго өкмөт берди беле?

Бөлүшүү:

Байланыш операторлорун ишин алдыга жылдыруучу, алар үчүн эң кымбат нерсе бул – жыштык. GSM стандартындагы 1800 Мгц жана ал жыштыктын ичинде иштей турган 5,10,15 МГц модификацияларындагы жыштыкта уюлдук байланыш операторлору иш жүргүзүп келишет. Жөнөкөй абоненттер бул жыштык менен иши жок, себеби аларга болгону чалууларды аткарып, интернет байланыштарын жүргүзсө болду. Бирок, ал жыштык байланыш операторлорунун мындайча айткандан жеген тамагы десек да болот.

Жакында эле, “НУР Телеком” (“0”) компаниясы 15 МГц модификациясын болгону 1000 эле сомго сатып алганы туурасында маалымат кеңири тарады. Ал компанияга ошончо кымбат жыштыкты текейге “пулдаган” ким? Эмнеге ири компанияларга андай кымбат жыштык арзыбаган акчага сатылышы керек? Аны ким көзөмөлдөйт? Эсиңиздерде болсо ошондой эле жыштыкты “Мегаком” компаниясы мындан бир жыл мурун 431 млн. сомго сатып алган. Анан ошончо миллиондогон акча турган жыштык эмнеге болгону миң сомго сатылышы керек? Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети “НУР Телекомго” лицензия берээрде каякты карап отурган?

“НУР Телеком” ачык акционердик коомуна 2 лицензия мыйзамсыз берилгени туурасындагы маалыматты Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева да 18-октябрда парламенттин жалпы жыиынында айтып чыкты. “НУР телеком” Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети тарабынан мыйзамсыз түрдө лицензия алды. Алар биринчи лицензиясын 5 МГц үчүн 300 млн. сом төлөшсө, экинчи лицензияны ошол эле комиссиянын чечими менен 1000 сомго алышкан. Менин оюмда бул туура эмес. Себеби мыйзамда көрсөтүлгөндөй, лицензия берерден мурун аукцион өткөрүлүшү керек эле. Экинчиден, аталган комитет мурда банкрот болгон “Актел” компаниясынын лицензиясын “НУР телекомго” конкурсу жок эле өткөрүп берген. Бул дагы туура эмес деп эсептейм- деди депутат. Айнуру Алтыбаева бул маселе боюнча тапшырма берилгендигин, текшерилгенден кийин, чындыгында коррупциялык көрүнүш бар экендиги аныкталып, кылмыш иши козголгону же козголбогону туурасында кабарланышын айтты.

Азамат Кангельдиев

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 − 47 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: