Menu

КРнын Кореядагы элчилиги Кенсан-намдо провинциясындагы Чангвон шаарында өткөн туристтик фестивалга катышты

Бөлүшүү:

2020-жылдын 25-июнунан 27-июнуна чейин Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилиги Кенсан-намдо провинциясындагы Чангвон шаарында өткөн туристтик фестивалга катышты. Бул тууралуу  Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирет.

Иш-чаранын жүрүшүндө Элчилик Кыргыз Республикасынын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле өлкөнүн экспорттук дараметин презентациялады. Элчилик кыргыз диаспорасы менен биргеликте кыргыздын улуттук боз үйүн орнотуп, анда келүүчүлөргө Чанёнг шаарындагы “Боорсок” рестораны тарабынан даярдалган улуттук тамактар жана Кыргызстандан алып келинген бал менен ысык чай сунушталды.

Ошондой эле, Элчилик тарабынан Кыргызстандагы туризм жөнүндө видео роликтер көрсөтүлүп, Кыргыз Республикасынын туристтик жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө буклеттер таратылды. Келүүчүлөрдүн кыргыз элинин салттары, көчмөн маданияты жана жашоо тиричилиги менен таанышууга мүмкүнчүлүгү болду.

Коронавирустук инфекцияны жайылтпоо максатында уюштуруучулар жана катышуучулар коопсуздуктун бардык эрежелерин сакташты.
Ошону менен бирге, санитайзерлер жана маскалар колдонулду, ал эми туруктуу желдетүү үчүн боз үй ачык орнотулду.

Фестивалга 80ден ашык жергиликтүү кореялык ишканалар жана 8000ден ашык адам катышты.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 39 = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: