Menu

Депутат Жунус уулу Балыкчыга баш салгандан кетеби?

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Жунус уулу кичи мекениндеги кадрдык иштерге кийлигишип, Балыкчы шаарынын вице-мэрлигине досу Руслан Өмүрбековду түртүп жатканы кандай?

Анын мындай кылыгын атасы, Балыкчы шаардык кеңешинин депутаты Жунус Эсенгулов да кубаттап, экөөлөп өздүк кадрын мэрдин орун басары кылууга киришишти. Кызыгы, ата-бала тарабынан вице-мэрликке кудаланып жаткан Руслан Өмүрбеков түбү Бишкектен экенди­ги, мурда-кийин Балыкчыда жашабаса, аймактын көйгөйүн, элдин менталитетин тыңгылыктуу билбесе, ишти кантип жылдырат? Балыкчы мэриясы кадрларды сыноодон өткөрчү экспериманталдык мекемеби? Бийликтеги тирөөчү бар килейген мэрлерди алып ыргыткан Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттарын булар билбей жатышат го. Ата-бала ушунчасында тыялышпаса, балыкчылыктар кудалап жаткан «кол баласын» эмес, өздөрүнүн да эсебин таап коюусу боюнча кептер узун сабак сөз болууда.

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 + = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: