Ош шаарындагы окуучулар арасында «Манас таануу» интеллектуалдык таймашы жана манас айтуу жарышы өткөрүлөт. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык бул эки таймаш 26-27-январь күндөрү Ош шаарындагы №52 мектептин базасында «Саякбай манасчы» эл аралык Фонду менен биргеликте белгилүү манасчылардын катышуусунда өткөрүлөт.
Бул таймаштарды өткөрүүнүн негизги максаты – “Манас” эпосу жана манасчылар тууралуу маалыматтарды окуучуларга кеңири жайылтуу, ошондой эле жаш манасчыларды аныктап, аларды тарбиялап чыгаруу деп жазылган маалыматта.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ