Menu

Каныбек Осмоналиев, экс-депутат: Акталгандыгым сот системасында адилеттүлүк орун ала башталганына далил

Бөлүшүү:

– Каныбек агай, беш жыл мурун козголгон кылмыш иши эки жарым жыл мурун токтотулуп, 7 ай мурун кайра жанданып, баштагыдай 15 кишиге эмес, жалгыз сизди бөлүп алып, соттоого аракет жасалган жагдай орун алган эле. Бирок, Биринчи май райондук соту актады. Санаа тарттырган саясаттын артында ким турат деп ойлойсуз?

– “Бул турат, ал турат” дегенден алысмын. Бирок, Жогорку Кеңештин депутаты болуп турган мезгилде билим берүү системасындагы катачылыктарды айтып, коомчулуктун көңүлүн бурган олуттуу маселелерди көтөргөнүм, окуу китептерин басууга бөлүнгөн 5-10-30 миллион долларлык каражаттарды парламент трибунасынан кайда коротулганын сураганым, ал маселелерде катуу турганым жогорку жактагылардын колкосуна сөөк болуп тыгылгандай болгон экен. Ошол чындыкты ачыкка чыгарганым үчүн ошол кездеги бийлик мени жок жерден каралап, коррупционер кылып көрсөтүүгө аракет кылышты. Барынан кызыгы, кылмыш иш козголор замат, мамлекеттик каналдардан башкы фигурант катарында “Каныбек Осмоналиевге кылмыш иши козголду” деп КТРКдан менин гана атымды атап, “коррупция жана кызматынан кыянаттык менен пайдаланды” деген беренелердин алкагында иш козгоп алып, теледен байма-бай берип, коомчулукка коррупционердей көрсөтүштү. Чынында кылмыш ишин козгогудай мен мыйзамга каршы иш кылган эмесмин. Болгону элиме кызмат кылуу үчүн мен жетектеген комитетке келген каттарды көз жаздымда калтырбай, жооп берүүгө, кат ээлеринин ишенимине  суу сеппөөгө аракет кылчумун. Себеби ал мезгилдин талабы ошондой болчу. Анткени, эл революциядан жана түштүк коогалаңынан жабыр тартып турган мезгил эле. Убактылуу Өкмөт баштап элге жардам берүүнү колго алгандыктан, келген каттардын бирин да жоопсуз калтырбоого аракет кылчубуз. Негизги максатым элге кызмат кылуу болчу. Ошондуктан, эсепсиз катарды жазып, кат ээлерине жардам берүүгө аракет кылчумун. Чынында мага кылмыш иши козголгондой катты мен бир эмес, бир канча жолу жазгам. Жана катка элден келген каттарды, арыздарды тиркеп туруп, Билим берүү министрлигине жөнөтчүмүн. Бирок, эмнегедир Билим берүү министри ошол катка “Кыргыз-Орус Славян университетине кабыл алынсын”- деп буйрук чыгарып коюптур. КРСУнун ректору жана гранттык комиссиянын курамы ошол каттын негизинде 27 баланы аталган окуу жайга кабыл алышыптыр. Маселенин баары алар бир жыл окугандан кийин башталды.

Анткени, бир жылдан кийин АКСтин токтому чыгып, мага кылмыш иши козголду. Ошол токтомдун алкагында 27 баланы аталган окуу жайдын ректорунун буйругу менен окуудан четтетишти. Бирок, АКСтин тергөөчүлөрү менен кызматташып, мени тааныбаса да, мага каршы көрсөтмө берген балдар окуусун улантты. Мага каршы көрсөтмө бербеген 14 бала бир жылдарын жоготушканы менен “себепсиз окуудан чыгарылдык” деп сотко кайрылышып, Жогорку соттон жеңип алып, окууларын калыбына келтиришти.

– Ошондо эч ким жабыр тартпаса деле сизге кылмыш иши козголуптур да…

– Ооба, мен ошону айтып күйүп жатам да. Биринчиден, мен жазган каттан мамлекеттин бюджети жабыр тарткан жок. Экинчиден, КРСУ жана мага “14 миң доллар бердим” деген Гүлжамал Султаналиева да жабыркаган жок. Балдар болсо окууларын улантышты. Эч ким жабыр тартпаса деле мен эмнеге жапа чегип, жок жерден караланышым керек… Сыягы, жети айга созулган сот процесси менин ак экенимди далилдеди. Мага карата көрсөтмө бергендердин баары мени тааныбасын, биринчи жолу көрүп жаткандарын айтты. Мына ушул жагдайдын баарын эске алган сот Эмил Кайыпов прокурордун 15 жыл камап берүүнү, 3 жыл иштен четтөөмдү жана үй мүлкүмдү конфискация кылууну өтүнгөнүн четке кагып, мени актады.

– Эмне үчүн экинчи ирет ишиңиз жанданды? Эмне үчүн сизди 15 кишиден бөлүп алышыптыр?

– Эки жарым жыл мурун ишимди жапкан тергөөчү телефон чалып, келип кетүүмдү өтүндү. Барсам өзү жапкан иш туура эмес жабылгандыктан кайра ачылып жатканын айтты. Ал турсун жарым саатын ичинде ишти кайра карап чыгып, сотко өткөрүштү. Сот ушунчалык тездик менен болуп, сотко өткөндөн көп өтпөй эле соттун болоор күнү аныкталды. Сыягы, саясаттагы курч билдирүүлөрүм эске алынган окшойт. “Коркутуп, үнүн чыгарбай коёлу”- деген таризде ушундай ыкманы колдонушканбы деп ойлоп жатам.

– Баса, Гүлжамал Султаналиева сизге 14 миң доллар бердим дегени далилдендиби?

– Мен өмүрү бирөөдөн пара алган, ал тургай ишимди бүткөрүп бер деп пара берген жан эмесмин. Эгер пара алып жүргөн адам болсом үч бөлмөлүү үйдү кеңейтип же башка жактан үй сатып алып, материалдык базамды чыңдайт элем го. Мен кайда иштесем да айлык менен жан баккан адаммын.

Гүлжамал Султаналиева чындап мага акча берген болсо ушунча узак убакытты камтыган сот процессинде далилденет эле го. Ал акчаны бирде мага бергем десе, бирде “айдоочусу аркылуу берип жибергем”- деп чындыкка дал келбеген маалыматтарды айтты. Айдоочумдун атын же машиненин номерин айтып бере албай койду. Айтор, бирөөлөрдүн буйругун аткарып, калп эле каралоого аракет жасаганы байкалып калды. Жыйынтыгында 4 баланын ата-энесинен өзү үч жарым миң доллар алып, окууга өткөрүп берем дегени маалым болду. Бирок, менин катым аркылуу окууга өткөн студенггердин бирөөсү “мен ушул кишиге ыраазымын. Каныбек Осмоналиевдин каты аркылуу окууга өткөм, бирок, бул кишини жакындан биринчи жолу көрүп жатам”,- деди. Айрымдары телевизордон “Илим жана турмуш” деген көрсөтүүдөн көрүп жүрүшкөнүн айтышты.

-Сиздин акталуу калыстыкты, адилеттүүлүктү күтүп жаткан бир канча жарандарыбызга үмүт байлагандай болду…

– Туура айтасыз. Мен биринчи жолу эгемендик алган жылдардан бери койгон айыптары далилденбей акталдым. Болгондо дагы аппак болуп акталдым. Кудайым бар экен. Бир жолу инсульт алсам да, эл алдында ак экенимди далилдөөгө ден соолугум да, өмүрүм да жетти. Өкүнүчтүүсү, мага коюлган далилсиз айыптардын кесепетинен кайра кылмыш иши жанданды дегенде бир тууган карындашым Мыскал чочуп кетип, кулагы укпай калды. Бирок, менин акталганым сот системасында реформа ишке аша баштаганын, адилеттүүлүктү эске алган соттор бар экенин далилдеди. Соттордон адилеттүү чечим күтүп жаткандарга “акталам, ак экенимди эске алышат”- деген үмүт пайда болду. Менин акталышым жаңы бийлик келгенин, жаңы дем, жаңы күч менен иштеп, адилеттүүлүк үчүн күрөш жанданганын айгинеледи десем жаңылышпайм.

– Эми мындан ары билим берүү системасындагы эсепсиз каражаттар боюнча кеп кыласызбы же дагы бирөөнүн куйругун басып алып, жок жерден санаа тарпайын деп тизгиниңизди тартасызбы?

– Тизгинди тартпайм. Ал турсун чогулткан документтеримди жарыялап, 2 айдын ичинде билим берүү тармагына которулган миллиондогон долларлар тууралуу пресс-конференция берип, ал тармактагы башаламандыкты айтып, чыныгы коррупционерлердин бетин ачууга далалат жасайм. Мектептин оккуу китептерин айылдык билим берүү долбоорлорун бюджеттик жана кредит-гранттык илимий долбоорлорду кимдер майкандагандарын айтууга мезгил келди. Мен бүгүн материалдарды тактоо менен алекмин. Ким ак жеринен караланганын, ким коррупциялык иштерге аралашканын далилдөөгө аракет кылам.

Чынайым Кутманалиева

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: