Бүгүн 24-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында УКМК жана ӨКМнын кызматкерлери үчүн курулган батирлердин ачкычтарын тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Президент УКМК жана ӨКМнын кызматкерлерин жаңы конуштары менен куттуктап, өлкөдө тынчтыкты жана бейпилдикти коргогон жана жарандардын өмүрүн сактоо үчүн өз жанын аябаган адамдарга жаңы батирлердин ачкычтарын тапшырып жатканына кубанганын билдирди.
«Сиздер бул ырыс-кешикке Мекенге таза кызмат кылуу менен, өлкөнүн коопсуздугун жана бүтүндүгүн сактоого арналган кесибиңиздерге берилгениңиздер үчүн жетишип олтурасыздар», — деди президент.
Ар бир үйдүн жашоочулары президенттин колунан 200 миң сомдук тастыктамаларды алышты. Жаңы үйлөргө бүгүн УКМКнын жана ӨКМдин 24 кызматкеринин үй-бүлөлөрү көчүп киришти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ