Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков: Россия өлкөбүздөн эң башкы инвестору

Бөлүшүү:

Бүгүн 24-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков Нарын облусуна болгон иш сапарында «Газпром» компаниясы тарабынан курулган жаңы спорт комплексинин ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

«Россия — биздин союздашыбыз,  стратегиялык өнөктөшүбүз, эң жакын жана ишенимдүү дос өлкөлөрүбүздүн бири. Россия менен биздин тагдырыбыз да, тарыхыбыз да бир. Россия Президенти Владимир Владимирович Путин менен болгон расмий жолугушууларыбызда ошондой эле эки тараптуу экономикалык, соода-сатык, маданий-гуманитардык  алаканы чыңдоо маселелерин дайыма талкуулайбыз. Өлкөбүздүн экономикасынын эң башкы инвестору да — Россия Федерациясы. Келечекте бирге ишке ашырчу дагы көптөгөн долбоорлор бар», — деди Жээнбеков.

Ошондой эле Жээнбеков «Газпром» компаниясы өлкөбүздү күйүүчү май жана жаратылыш газы менен камсыздап, биздин жергебизде иштеп баштагандан бери Кыргызстандын экономикасына 30 миллиард сомдон ашык инвестициялаганын, бюджетке салык түрүндө 42 миллард сомдон ашуун каражат төлөгөнүн баса белгиледи. 10 миңге жакын кыргызстандыктар бул компаниянын структураларында иштеп жатат. Компания «Газпром-балдарга» аттуу долбоордун негизинде өлкөбүздүн дээрлик бардык аймактарында заңгыраган спорт комплекстерин курду. Азыркы кезде 960 окуучуга эсептелген заманбап мектеп куруп жатат.

«Газпром» компаниясы 2030-жылга чейин Кыргызстанды газ менен камсыздоо жана газификациялоо боюнча генералдык планды ишке ашыруу боюнча масштабдуу иштерди жүргүзүүдө. «Газпром-Кыргызстан» компаниясы 2030-жылга чейин Кыргызстандын территориясынын 60 пайызын газификациялап, республиканын 400дөн ашуун калк жашаган пункттарды көгүлтүр от менен камсыз кылуу максатын көздөйт.

«Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын Башкы директору Болот Абилдаев «Газпром-балдарга» долбоорунун алкагында Кыргызстанда 9 ден соолукту чыңдоочу комплекс курулганын маалымдады. Бардыгы болуп, Кыргызстанда 16 ушундай заманбап спорт комплекстери курулат. Ушундай эле комплекс жакын арада Жалал-Абад шаарында ачылат. Ал заманбап, сапаттуу курулуш материалдарын жана спорт жабдууларын пайдалануу менен курулду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 50 = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: