Menu

Карылыктын доорун сүргөндөр

Бөлүшүү:

Кыргызстандын түштүк башкалаасында жайланышкан “Боорукердик” үй-интернатын ушул тапта 25 кары-картаң туруктуу байырлашат. Кабарчыбыз алардын ал-акыбалын сураштырганча, жашоо-шарттары менен жеринде таанышып кайпы.

104 жаштагы Касиет эне Жолдошева Ош шаарына караштуу Жапалак айылынан келип, бул жайды байырлаганына мына үч жылга аяк басты.

– “Боорукердик” үй-интернатын, чындыгында, өз үй, өлөң төшөгүмө айланды. Жетекчибиз Бермет Токтосунова баарыбыздын көзүбүздүн кареги менен тең айланып, дайыма күйпөлөктөп жаныбызда жүрөт,- деди 104 жаштагы Касиет эне Жолдошева. – Карылык да. Кан басымым тынбай көтөрүлүп турат. Ошон үчүн медайымдар менин саламатчылыгыма тынбай көз салышат. Бир уул, бир кыз төрөгөмүн. Уулум 64, а кызым 49 жашында каза табышты. А булардын балдары бүт гөртириликтин айынан Москва шаарына жумуш издеп кетишти. Үйдө мен жалгыз каралбай калганымда, Жапалак ФАПтын фельдшери ушул жерге алып келип жайгаштырды. Жакында бирөөлөрдөн эшиттим. 21 жаштагы неберем Москвада жүрүп үйлөнүп, анан кыздуу болушуптур. Бирок, мага чалыша элек. Баарын тең сагындым…Барган сайын бугум күчөп, алардын үнүнө моминтип зар болуп олтурам, айланайын!..

Рахаткан Абжалованын жашы алтымыш алтыны таяды. Кара-Суу районунун Кадырша айылынан.Үй-бүлө күтпөгөндүктөн, эч балалуу болбодум.

“Боорукердик” үй-интернатынын босогосун аттаганыма туура беш жыл толду. Өкмөт тарабынан бизге камкордук абдан күч! – деди Рахаткан Абжалова. – Жакында эле карылар күнүндө Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев бизден кабар алганча, катарыбызда кошо олтуруп чайлашып, муң-зарыбызды зерикпестен тыңдап, бөксөргөн көңүлүбүздү кыйла эле көтөрүп кетти. Мына, Сооронбай Жээнбеков Президентикке шайланган бери кары-картаңдарга камкордук ыраса күчөдү. Эң башкысы: Кудай жетекчилерибизге дайыма нысап, элибизге токчулук, ал эми жергебизге тынчылык ыроолосун!

Ошентип, 25 ата-энебиздин жып-жылуу уясына айланган Ош шаарындагы “Боорукердик” үй-интернатынын тамагынан ооз тийгенче, кадырман карыларыбыз менен чер жазылганча сүйлөштүк.

Биздин “Боорукердик” үй-интернатыбыз Ош шаарынын бюджетинен жетиштүү түрдө каржыланат. Кийим-кечебиздин жана тамак-ашыбыздын дагы чыгымдарын бүт Ош калаасынын мэриясы көтөрөт,- деп кепке кошулду Ош шаарындагы “Боорукердик” үй-интернатынын башчысы Бермет Токтосунова. – Биздин бардык чоң-кичине маселелерибиз Ош шаарынын жетекчилиги тарабынан ыкчам чечилип келатат. Мындан тышкары айрым жеке ишкерлерибиз дагы демөөрчүлүк кылып турушат. Бул жашоодо өмүрдү өлүм коштоп жүрөт эмеспи. Биз деле эл сыңары көзү өткөндөрдүн бардык ызаатын жасап, жол-жобосу менен акыркы сапарга узатабыз.

Сөзүнүн соңунда бизди узатып жатып Ош шаарындагы “Боорукердик” үй-интернатынын башчысы Бермет Токтосунова: “Аттиң… Дегеле өлкөбүздө, Кыргызстанда, карылар үйү таптакыр болбосо экен!” деген аруу максатын жашырган жок. Биз дагы бул идеяны кубаттап, дал ушул асыл тилектин кабыл болушун жараткандан миң мертебе суранып кайттык.

Алишер Токсонбаев

Булак: «Майдан»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: