Menu

Кимдин жүрөгүндө жолборстун бир тал кылы бар?

Бөлүшүү:

Өткөндө “Марал” радиосуна конокко келген Адахан Мадумаров кызыктуу маек куруп берди. Берилген суроолорго буйдалбастан так кесе жооп берип угармандардын кулагынын кычуусун кандырды. Негизи ушул киши дайыма бир барак кагаз көтөрбөй, тилин чайнап угуучуну жадатпай, көкүрөгүндөгү уюган кептерин ташка тамга баскандай куюлуштурат. Балким ошол сапаты үчүн аны саясатчылардын айрымдары жактырышпаса керек деген ой жаралат. Ошолор мынчалык сүйлөй алышпасын билип балык сыяктуу болуп отурушпайбы?

Баарынан да кимдин жүрөгүндө жолборстун бир тал кылы болсо мага даап алдыма келе алат дегени бүйүрдү кызытты. Ошол эле олигарх Аскар Салымбековдун кандай “эр жүрөк” экенин, башкалардын да быкыйын чукуп койгону, кызмат сурап эч кимге ийилип барбасын ачык билдирди. Чынында эле ага азыркы бийлик тараптан эч убакта сунуш түшпөсү белгилүү. Ким эле калемпирин уучтап чачкан сынчыга кызмат бергиси келсин? Учурда коомдун тынчып калганына бушайман болгонун да бүшүркөө менен айтты. Т-ээ алыстан бир балээ дүбүрт сезилип жатканын эшиткенибизде ичибизге демибизди толтурууга туура келди. Акыйкатта бул саясатчынын айтканында бир илинчек бар десек болот. Кантсе да жаштайынан саясаттын элегинен өтүп келатпайбы. Туура сөздү иргеп алууга ынтаа керек да, кандай дейсиңер?

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 26 = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: