Menu

Абдыгуловдун ордуна ким көзүн кызартууда?

Бөлүшүү:

Майлуу жердин буруксуган жытына эңги-деңги болгусу келгендер таракандай бурчтарды кытыратып жүргөн кези. Баарынан да акчанын даамын таткысы келип тилин сунгандар тиши-тишине тийбей калчылдай башташты. Неге дебейсиңерби, айтып берели? Анткени Толкунбек Абдыгуловдун ордуна борбордогу көзүр банкеге ачендик болууну самагандар түн уйкусунан калып жөөлүп кеткени боюнча каңшаарлар угулууда. 60 миң долларлык унаа минген, миллиондорду топташтай ыргытып ойногон банкирдин тизгинин алууга кантип кызыккандар болбой койсун? Кимдер андай акыбалга келгени сыр бойдон калсын.

А чынында Сапар Исаковдун командасынан ушул эле банкир калганын байкап турабыз. Эмнеге кызматтан кетирбей жатат бийлик деп тили кычышкандар толтура. Себеби, Толкунбек саясатчы эмес, акчаны санаганды билген кесипкөй адис. Эгерде кыраан саясатчы болгондо өкмөттүн ичиндеги “ак карга” болмок эмес да, ошол мезгилде критке чабылбай калмак. Эби жок чиновник экенин тастыктаган соң “обоймадан” шылынып түшкөн болчу. Ага асыла баштаганына караганда жакын арада “капут” болору айкын болгондой. Андан кыйындарды төшкө тээп көмөлөтүп жаткан соң Абдыгулов бийлик үчүн “фигура” деле эместир? Тазалануунун желаргысына илинген Толкунбек түйүнчөгүн түйө баштагандыр, кандай дейсиңер, билермандар?

Булак: “Ачык сөз”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: