Бишкектин бир районуна Чыңгыз Айтматовдун ысымын бериш керек деген сунушту бүгүн, 25-октябрда депутат Экмат Байпакбаев парламенттин жыйынында сунуштады.
Ошондой эле Э. Байпакбаев залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын Кыргызстан эле эмес дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттери белгилеп жатканын эске салды.
“Кыргыздын чыгаан уулу Чыңгыз Айтматовдун маарекеси дүйнөнүн төрт бурчунда белгиленип жатат. Бишкекте 4 район бар. Октябрь, Ленин, Свердлов жана Биринчи Май райондору. Ушул райондордун биринин аталышын Чыңгыз Айтматовдун ысымына өзгөртүүнү сунуштайм. Бул инсандын кыргыз адабиятына, деги эле дүйнөлүк адабиятка кошкон салымы чоң. Ушул маселени Бишкек шаардык кеңеши карап чыкса жакшы болмок”, – деди депутат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ