Кечээ 25-октябрда парламенттин жыйынында “КСДП” фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына талапкер Улукбек Кочкоров, буга чейин өкмөттү катыра сындап жүрүп эми эмне себептен министр болгусу келгенине кызыкты.
“Бийликти сындаган жагынан алдыга киши салган жоксуз, Жогорку Кеңешти өкүртө сындачусуз. Бүгүн мына келдиңиз өкмөткө иштейм деп Жогорку Кеңештен колдоо сурап. Бийлик өзгөрдүбү же сиздин көз карашыңыз өзгөрдүбү”,- деди эл өкүлү.
“Министрлик кызмат мен үчүн да күтүүсүз болду. Мен бирөө жарымды ортого салып министр болоюн деп чуркаган жокмун. Премьер-министр өзү “бүгүн саат 6га келип кетиңиз”- деп чакырып, ушул кызматты сунуштады. Муну өзүм да таң калуу менен жана түшүнүү менен кабыл алдым. Жогорудагы сунуш, буга чейинки айтып келген сөздөрүңдү иш жүзүндө далилде, дараметиңди көрсөт деген сунуш болду деп ойлойм. Ошондуктан мен бул сунушту кабыл алдым”,- деп жооп берди Кочкоров.
Булак: Кyrgyztoday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ