Бүгүн, 13-июлда «Aviatraffic Company» авиакомпаниясынын Минск – Бишкек багыты боюнча чартердик каттамы менен Кыргызстандын 164 жараны кайтып келди. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымы боюнча, жүргүнчүлөрдүн тизмеси Европанын жана башка мамлекеттерден келген мекендештерди Кыргызстанга кайтаруу максатында, Кыргызстандын Европа өлкөлөрүндөгү агенттиктери менен биргеликте Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчилиги тарабынан түзүлгөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ