Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев 18-майда, жумушчу сапары менен Ош облусунун Араван районуна барып, жергиликтүү дыйкан-фермерлер менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Жумушчу сапарынын алкагында Абулгазиев райондогу эгин аянттарынын абалын көрүп чыкты. Ал ЕАЭБ курамына кирүүдө өндүрүлгөн айыл-чарба продукцияларын экспортко чыгаруу жана кайра иштетүү тармагын жандандыруу алдыга коюлган негизги тапшырма экендигин баса белгиледи. Мындан тышкары жакынкы күндөрү өлкөдөгү айыл-чарба тармагынын абалы тууралуу маселе өкмөттүн кеңейтилген жыйынында караларын билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ